Кызык жери, ал жылдары жасалган советтик жандоочтун төртүнчүсү гана асманга аман-эсен көтөрүлгөн экен. Туура-Тамда (Байконур – ММ) 15-май күнү биринчи жандоочту учуруу болуп, бирок ал 98-секундда авада кыйрап калган.
11-июнда, 12-июлда ааламга жиберген жандоочтор да асманга көтөрүлө албай ара жол барып, жарылып кайра түшүшкөн.
Төртүнчү жолку аракет гана оң натыйжа берип, жердин жасалма жандоочусу 295-секундда аалам коюнуна б.а. орбитага дейре жеткен. 314,5 секунддан кийин пипилдеген доош жибере баштаган. Ал доош Туура-Там айланасында 2 мүнөткө чукул жаңырып туруп, жер шарынын аркы капталына өткөнгө байланыштуу үнү угулбай калган.
Жер шарын 92 күн бою тынбай айланып учуп, 1958-жылы 4-январь күнү бардыгы 60 миллион чакырым жол жүргөндөн соң өзү өчүп жок болгон.
Никита Хрущевдун колундагы өлкө ааламды изилдөөгө жарыш башка континентке тийчү ракеталарды да өнүктүрүү жолуна түшкөн.
Ошондо президенти Дуайт Эйзенхауэр советтик жандооч учурулгандан бир жыл өткөндө Кошмо Штаттарында улуттук космосту изилдөө борборун (НАСА - ММ) уюштуруп, ааламды иликтөө илими менен ага байланышкан өндүрүшкө арбын каражат карала баштаган. Акыры 1969-жылы 21-июлда америкалык астронавт Нил Армстронг адамдардан алгач болуп Айдын үстүнө конуп, ары-бери баскан.
Жарым кылым арасы космосту иликтөө багытында окумуштуулар аалам коюнуна кантип учуу керектигин өздөштүргөнсүдү, эмики кезекте планеталар арасына саякат тургандай. Ал илимдин турмушка колдонулуучу жагы ачыла баштаганын космонавт Аксенов айтат: «Жер кыртышы кандай, суу кандай, аванын тунуктугу, мөңгүнүн өзгөрүшү, тазалыгы же балиттигин көзөмөлгө алса болот».
Маселен, Кыргызстандын шартында жердин үстүн сүрөткө тартуу, суу байлыгы менен мөңгү кенчинин көлөмүн чыгарып алуу космостон оңой болот.
Маскөөдө болсо эл аралык коомчулукта Орусиянын эң чоң жетишкендиги катары эсептелген биринчи жандоочтун ааламга учурулушуна элүү жыл толушу - мамлекеттик деңгээлде эмес космостук аскерлердин кесиптик майрамы катары белгиленүдө.