Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:38

РЕФЕРЕНДУМ ЖАШТАРГА ЧОҢ САЯСАТКА ЖОЛ АЧАБЫ?


Элеонора Бейшенбек кызы, Бишкек 21-октябрдагы референдумга коюлчу Шайлоо кодексинин долбоору боюнча партиялык тизмеде жаштар он беш пайыздан кем болбошу керек. Шайлоо кодексиндеги мындай өзгөрүүлөр жаштардын бийликке аралашуусунун натыйжалуу жолу деп белгиленгени менен, талдоочулар арасында бул саясатты олуттуу жашартпайт деген да ойлор айтыла баштады.

Алишер Мамасалиев Кыргызстандагы жаш лидерлердин бири. Мамасалиев көптөн бери Шайлоо кодексинде жаштар үчүн өзгөрүүлөр болсун деп демилге көтөрүп, талкууларды өткөрүп келген. Шайлоо кодексининин жаңы долбоорунда партиялык тизмеде жаштарга он беш пайыздан кем эмес орун берилсин деген менен, келерки парламенттик шайлоолордо жаштардын көбүрөөк катышаарына Мамасалиевдин күмөнү чоң:

- Шайлоо кодексинин долбоорунда партиялык тизмеде жаштар алдында болобу же арттабы көрсөтүлгөн эмес. Мүмкүн ошол он беш пайыз артта болоттур. Менин оюмча бул биздин жаштарыбыз үчүн проблема болсо керек. Эгерде жаш саясатчылардын мотивациясы болсо, саясатка катышам десе, албетте партиялык тизме түзүлүп жатканда активдүү салымын кошуп, жарандык жеке позициясын көрсөтүшү керек. Бирок эгерде жакында жаңы парламенттик шайлоо өтсө, көп жаш саясатчылар пайда болооруна ишенбейм. Бирок аракет кылышыбыз керек.

- Келерки парламенттик шайлоолорго катышасызбы?

- Эгерде эл колдосо аракет кылам.

Либерал-прогрессивдүү партиясы Кыргызстандагы дээрлик өңчөй жаштардан куралган партиялардын бири. Партия төрагасы Максат Кунакунов Шайлоо Кодексиндеги өзгөрүүлөрдү жаштарга берилген чоң мүмкүнчүлүк деп бааласа болооруна токтолот:

- Шайлайбы, шайлабайбы аны эл чечет да. Ар бир партиядан он беш пайыздан кем эмес деп жазылып турбайбы. Эгерде партиялар тизмеден мындан да көбүрөөк орун берип калса андан да жакшы болот деп ойлойм. Бизде жалаң эле жаштар. Тизмеде токсон-жүз пайыз жаштар болуп калышы мүмкүн.

21-октябрда референдумга коюлчу Шайлоо кодексине ылайык, келерки парламенттик шайлоолордо ат салышчу партиялардын тизмесинде жаштардын киргизилиши, чындап эле саясатты жашартабы же жокпу азырынча белгисиз. Бирок айрым серепчилер бул иш-аракеттерди жакшы жышаан катары баалап жатышат. Президент Курманбек Бакиев жакында эл алдына чыгып сүйлөгөн сөздөрүнүн биринде, партиялык тизмеде атайын жаштар үчүн үлүштүн берилишин мамлекетте аларга көбүрөөк көңүл бура баштаганы менен да түшүндүргөн:

- Мен бүгүнкү күндө жаш муунга болуп көрбөгөндөй маани берип жатам. Алардын арасынан мамлекеттин тагдырын колуна алчу болочок саясий элита түптөлөт. Биз жаштарга негизги өнөктөш жана коомдун жаңыланышынын жооптуу катышуучусу катары мамиле жасашыбыз керек. Атуулдарды, саясий партияларды, бейөкмөт уюмдарды, коомдук бирикмелерди референдумдагы долбоорлор менен тааныштыруу иштерин уюштуруу азыр баарыбыз үчүн маанилүү болуп турат. Силер жигердүүлүгүңөрдү, саясий жактан бышып жетилгениңерди көрсөтүп, референдумда туура чечим кабыл алаарыңарга үмүттөнөм.

XS
SM
MD
LG