Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:44

PАХМАТУЛЛО ТУРАНОВ: “СОТ ИШИМДИ КАЙРА КАРАБАСА, ӨЗҮМДҮ ӨРТТӨЙМ»


Ишкер Туранов Рахматулла үч бирдей аялдын өлүмүнө тиешеси бар деп Бишкек шаарындагы Свердлов райондук соту тарабынан өлүм жазасына кесилген. Ал өзүн эч кандай өлүмгө тиешем жок деп алтымыштан ашык арыз жазып, эч жерден ушул кезге чейин жарытылуу жооп албаган.

Туранов Рахматулла Президенттен баштап, адам укугу боюнча тиешелүү жерлердин баарына кайрылганын айтат: ”Эгерде адилеттүү, ачык сот болсо толук акталамын”,- дейт. Ушул тапта 170 адам өлүм жазасына соттолуп, түрмөнүн жертөлөсүндө отургандардын бири ушул Туранов деген атуул өз жанын өзү кыйуу менен ак экендигин коомчулукка билдирүү бүтүмүнө келгенин “Азаттыктын” кабарчысына билдирген.

Өзүн күнөөсүз деп эсептеген Туранов 49 жаш курагын түрмөнүн жертөлөсүндө тосту. Анын айтымында тергөөчүлөрдүн мойнуна алдыруу зомбулугунан соң, ден соолугуна бир топ залал келип, учурда абалы оор. Кантсе да акыйкаттык болот деген үмүтү бар. Өзүнө тагылган айыпты жасалма, кагаздарга жайната жазылган жалаа дейт:

-Мен Дина Бажанова деген аялдын үй-бүлөсү менен үй-бүлөлүк каттоом бар эле. Өзүм ишкермин. 2003-жылы мени Свердлов райондук милициясы чакыртты эле, бардым. Дина Бажанова деген аял менен эки аял үчөөнү белгисиз бирөөлөрдүн өлтүрүп кеткенин айтып, мен күбө катары чакыртылганмын. Ал аялдын Аламүдүн районунда жашарын, анча-мынча башкалар менен акча боюнча алака түзүп жүргөнүн билет элем. Мага кошуп дагы бир жаш кыз, бир орус кыздарды күбөгө тартышкан. Аларды тергөө учурунда көрсөм, мага окшогон экинчи бир жалаага кабылганды сот залынан учураттым. Ошол жерде тааныштык. Кыскасы 2003-жылы 20-марттан 4-апрелге чейин мени уруп-сабап “Динаны мен өлтүргөнмүн” деп айтасың деген тергөөчүнүн тепкисинде калдым.

Ошентип Туранов уруп-сабоо, кыйноо зомбулукка чыдабай камерада отурган жеринен, банктагы өз эсебиндеги акчадан чоң сумманы алып берет.

-Кимге бергенимди азырынча айтпайм. Баары бир соттолуп кеттим. Акчамды алаламбы, жокпу билбейм.

Анын айтымында тергөө амалдары бир тараптуу, айыптоо багытында жүргүзүлүп, ишти эптеп жабуу аракетинде кандайдыр бир чиновниктердин кийлигишүүсү болгон дейт.

-Мени уруп-сабап мойнума алдыруу аракетин жасагандар бул үч аялдын өлтүрүлүшүнө катыштыгы бар. Көзгө сайгандай көрүнүп турат. Мени өлүм жазасына какшатып туруп соттогон Свердлов райондук соттогу Термечиков деген судя менден мурда өлүп кетти. Кудай жазалады деп ойлойм. Анткени Дина Бажанова акчалуу аял болчу. Жолдошу да бай. Булардын байлыгы эптеп ишти жапканга жумшалды деп божомолдойм. Соттор болсо чоң иштин бетин ачып, жыргаттык деп отчетун берди. Алтымыштан ашуун арыз жазып, акмын деп даттанбаган жерим калбады. Бир гана президентке жолугушум калды. Кантип жолугам билбейм...

Туранов өткөн жылы он сегиз күн ачкачылыкта көшөрө отуруп, сот органдарынын көңүлүн буруу аракетинен майнап чыкпаганын айтат. Мындай айтканда арыз-муңуна эч ким тарабынан жарытылуу көңүл бурулбаганына арман кылат. Кантсе да өлүм жазасы алынып салынгандан, сот органынан баштап мамлекет башчысына чейин адам тагдырына карайт деген үмүт менен күн өткөрүп келет. Эгерде кайрылган каттары жоопсуз калып, акмын деген үнү эч жакка угулбаса өзүн өзү өрттөөдөн башка аргасы калбаганын кан какшап микрофонго сүйлөдү:

- Тарыхта эчендеген адамдар ак жеринен атылганын тарых ылгап, актап отурат. Ошондон неге соттор сабак албайт. Колумда ал аялдарды ким өлтүргөнү тууралуу далилдүү документтер бар. Күбөлөр да бар. Ачык сот болсо мен толук акталамын. Өлсөм да ак экенимди далилдеп өлүшүм керек. Камасын мейли, акыйкат сот кылып берсин. Адам тагдырын жогору койгон, соттор арасынан табылабы? Менин ушул үнүм Башкы прокурорго, Жогорку соттун төрагасына жетеби?- деди Туранов.



Туранов сыяктуу айрым өзүн күнөөсүз деп эсептегендердин катын адегенде башкы прокурор Элмурза Сатыбалдиевге тапшырдым:



-Өлүм жазасына соттолгондордун иштерин карап чыгуу мөөнөтү берилген. Ар кандай жаңы жагдайларга карата иш козгоп, Жогорку сотко өткөрүүдөбүз. Мен прокурор болуп келген күндөн Аксы окуясын жана ак жеринен камалгандардын каттары менен иштеп жатамын. Мына сиздер аркылуу келген каттарды көзүңүзчө бөлүштүрүп бердим,-деп билдирди "Азаттыкка" Элмурза Сатыбалдыев.

Ал эми Жогорку Соттун төрагасы Курманбек Осмоновко кайрылган каттарда болсо ишти кайрадан карап, соттордун мурдагы чечимин бузуу өтүнүчтөрү жазылган болчу. Курманбек Осмонов ал кайрылууларга мындайча жооп кайтарды:

-Бир ар ак жеринен камалып же өлүм жазасына кеткендердин бети ачылып калса, акыйкатсыздыкка барган судя иштен кетет, жазасын алат. Кылмыш- жаза саясатын либералдаштыруу, кылмыш-жаза кодексин өзгөртүү, гумандаштыруу боюнча 3-июлда парламент кабыл алган, президент кол койгон кодексте маселе коюлган. Жогорку Сот 3-июлдагы мыйзам боюнча 6 айдын ичинде өлүм жазасы колдонулган иштердин баарын карап чыгыш керек. Прокурордун сунушу боюнча, же соттолгон адамдардын, алардын адвокаттарынын арызы боюнча карап чыгыш керек. Бул мыйзамдар боюнча анын күнөөсү бар, же жок экендиги бул жерде каралбайт. Мыйзам өзгөргөнүнө байланыштуу, жеңилдетилген жазаны карагандыгына байланыштуу бул иштердин баарысы Жогорку Сотто каралууга тийиш. Алар кылмыштарга биздин күнөөбүз жок дей турган болсо, анда прокуратурага кайрылыш керек, прокуратура сунуш менен бизге чыгыш керек. Ошолордун ыйгарым укугуна кирет. Бул маселе бардык мамлекеттик органдардын, керек болсо мамлекет башчыбыз президенттин дагы көзөмөлүндө болот го деген ойдомун,-деди Курманбек Осмонов.



Демек, Жогорку Соттун төрагасы жана башкы прокурор берген убадаларын аткарат деп айтуу кыйын. Анткени сот, прокуратура, тергөө органдары коррупцияланышып кеткен деген ачык сөздөргө шилтеме кылганда ар бир атуулдун тагдыры калыс караларына, паракорчулук да өз таасирин тийгизбей койбойт дейт айрым байкоочулар. Мындай пикирлерди айрыкча өлүм жазасына кеткендер өз каттарында да сөздөрүндө да бышыктайт.

Ал эми Туранов болсо адам өлүмүн алып келген окуянын баш күнөкөрлөрү табылганын айтып, “сот адилеттүү, ачык болсо акталамын “ деп чечкиндүү айтат.

Өлүм жазасына криптер болгон бул атуул өзү менен кошо айыпталып жаткандардын аты жөнүн атап, бул кылмыш ишти териштирүүдө адам тагдыры эмес, ишти жабуунун аракети биринчи орунда турган дейт. Ага жогорку чиновниктерден баштап ишти иликтөөгө алган тергөөчүгө чейин оор кылмыштын бетин ачууда, кимдир бирөөгө жалган жалаа жаап, тергөө амалдарын бурмалоо менен жүргүзүлгөндүгүн белгилейт. Маселен Кыял Тиекеева деген кыз күбө болуп барып айыпкер катары жазага тартылганын айтат:

-Акыйкаттык жок тура. Бизди изилдеп, коркутуп, жайыбызга койбоду. Күбө катары барып, көргөн билгенимди ачык айтканым үчүнбү, он үч жылды мойнум илип, колонияда отурамын.

Бул кыздын тагдыры тууралуу кийинчерээк кененирээк сөз кылабыз. Ошентип Рахматулло Туранов абакта отуруп, кылмыштын кайдан кантип чыкканын иликтеп, күбөлөрдү таап, адилеттик издеген үмүтү соттор тарабынан акталабы жокпу, аны айтуу кыйын. Балким, сот органдары “карга карганын көзүн чукубайт” болуп, сот чыгарган өкүмүнөн кайра тартканча, “жабылуу аяк жабылуу боюнча калганы дурус” деген чечимге келеби дешет айрым аналитиктер.

Кантсе да акыйкатуулуктан үмут этип, абактын жертөлөсүндө өмүр кечирип жатышкан атуулдардын көкүрөк кыйкырыгын тарых таразалап, ордуна койор деген сөз менен чекит кое туралы.



XS
SM
MD
LG