Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:40

ТАЖИКСТАН БОРБОРУНДА ТӨРТ КҮН БОЮ БИЙИК ЖОЛУГУШУУЛАР БОЛОТ


Нарын АЙЫП, Прага Тажикстандын борбору Душанбе шаарында төрт күн бою бийик жолугушуулар өткөрүлөт. Ал жыйындарга Күнкөрсуз мамлекеттер шериктештигинин, Биргелешкен коопсуздук келишим уюмунун жана Евразия кызматташуу шериктештигинин жетекчилери чогулат. Саммиттер алдында орус жана казак президенттери Новосибирск шаарында өз алдынча да жолугушуу өткөрдү.

Күнкорсуз мамлектетер шериктештигин реформалап, анда кабыл алынган чечимдерди милдеттүү кылуу боюнча Казакстандын демилгеси былтыр колдоого алынбай калган. КМШнын быйылкы саммитине уюмдун өнүгүү концепциясы сунушталаары күтүлүүдө, бирок ага мүчө-мамлекеттердин бардык президенттери кол койбой турганы дагы алдын ала айтылууда.

Маскөөдө чыгуучу "Независимая газета" 4-октябрда билдиргенге караганда, ГУАМ деген уюмга бириккен Грузия, Украина, Азербайжан жана Молдова ал концепцияга кол койбойт, Украина президенти Виктор Ющенко болсо Тажикстандагы саммитке деги эле келбейт.

Орусиянын "РБК-дэйли" деген агенттиги жазганга караганда, бул мамлекеттердин жетекчилери 11-октябрда Вильнюс шаарында өтө турган башка бийик жолугушууга катышат жана ага Беларустун президенти Александр Лукашенко дагы чакырылган. Көпчүлүк орусиялык эксперттер ГУАМды - Маскөөгө каршы багытталган уюм деп эсептейт.

Душанбе шаарында төрт саммит өткөрүлөт: 5-октябрда - КМШнын мамлекет башчыларынын жыйыны жана 6-октябрда - Биргелешкен коопсуздук келишим уюму менен Евразия кызматташуу шериктештигинин бийик жолугушуулары өтөт. Жетинчи октябрда болсо үч уюмдун жетекчилери биригип, бейформал саммит өткөрүшөт жана ал күнү элүү бешке толуп жаткан орус президенти Владимир Путинди куттукташат. Саммиттер башталган 5-октябрда болсо тажик президенти Эмомали Рахмон элүү бешке чыгууда.

Путин менен казак президенти Нурсултан Назарбаев 4-октябрда Орусиянын Новосибирск шаарында жолугуп, эки мамлекеттин чек аралаш аймактары ортосундагы кызматташуу маселелерин талкуулады.

Ошол эле 4-октябрда Душанбе шаарында Биргелешкен коопсуздук келишим уюмуна кирген мамлекеттердин тышкы иштер министрлери чогулуп, саммитте карала турган маселелерди тактады. Андан соң Евразия кызматташуу шериктештигинин тышкы иштер министрлери жолукту. Биринчи уюмга - Армения, Беларус, Казахстан, Кыргызстан, Орусия, Өзбекстан жана Тажикстан кирет, экинчи уюм болсо алардын Армениядан башкаларын бириктирет.

Евразия кызматташуу шериктештигинин саммитинде Бажы биримдигин түзүү боюнча атайын комиссия негизделиши күтүлүүдө. КМШнын ичинде андай Бажы биримдиги мурда дагы түзүлгөн жана ага Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия кирген, бирок ал өз милдетин аткара албагандыктан, 2000-жылы Евразия кызматташуу шериктештиги деп аты которулган.

Андан соң чыныгы Бажы биримдигин түзүү боюнча сүйлөшүүлөр Орусия, Казакстан, Беларус жана Украина ортосунда көп жылга уланган, бирок акыркы мезгилде Киев менен Минск ага көп кызыкпай баратат. Уюмдун баш катчысы Григорий Рапота билдиргенге караганда, Душанбеде түзүлө турган комиссия кийин жетектөөчү уюмга да айланышы мүмкүн.

Орус аналитиги Федор Лукьяновдун пикиринде, Душанбедеги саммит учурунда эки тараптуу сүйлөшүүлөр маанилүү болот, мисал үчүн, Маскөө менен мурда түзүлгөн газ келишимдерине карабай, Түркмөнстан азыр Батыш менен дагы мамиле түзүүгө аракеттенүүдө: "Түркмөн президенти - Путиндин куурчагы эмес экенин көрсөтүүгө аракеттенип жатат. Жакында эле ал Америкага барып келди. Октябрда Брюсселде болот. Ошондуктан Түркмөнстан айланасындагы оюн дагы уланат, - дейт Лукьянов.

XS
SM
MD
LG