Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Январь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:05

№ 1- ОППОЗИЦИОНЕР НАН БОЛОБУ?


Өлкө авариялык кырдаалда. Чай-пай өңдүү майда-чүйдөнү мындай коелу, негизги азык-түлүктөр болгон баа кымбаттагандан кымбаттоодо. Майдын баасы 50 сомдон 100 сомго, нандын баасы үч эсеге же бир мүшөк ун 500 сомдон 1500 сомго өстү. Башы бар өлкөлөрдө негизги азыктарга баа 20 пайыз жогоруласа өкмөт башчысы отставкага кетип, 40 пайыз жогоруласа авариялык кырдаал жарыяланып, өкмөт эле эмес, өлкө башчысы жооп берүүгө тийиш. А бизде 100, 150 пайыз кымбаттап жатпайбы. Эчким жооп берер түрү байкалбайт. Демек азаптуу күндөр дагы алдыда деп жазды «Кыргыз руху» гезити «Жаңы митингдин лидери-Нан» деген макаласында. Ай-күнүнө жакындап калган аялга окшоп референдумдун төрөтү да жакындап калды деп эскерткен ушул эле гезитке укук коргоочу Качкын Булатов, Акаевдин убагында «Алга, Кыргызстан» деген партия түзүп, анын лидерлеринин бири болгон Самат Бөрүбаев аттуу адам бүгүн «Содружество» деген партия түзүп, анын жетекчилеринин бири болуп алганын, бул партияда Орусия жарандыгын алган Нефадьев, Гладилов өңдүүлөр барын, башкасы түгөп калгансып, Кыргызстандын саясатын эми орус жарандары жүргүзүп калды беле деп, «Содружествонун» бүгүн ар бир айылда офисттери барын, шайлоого иштеп аткан координаторлору эле 500 доллардан айлык алышарын, мына ушундан эле орус олигархтарынын кыргыздарга эмес, Кыргызстандын байлыгына көзүн кызартып келатканын, айрым маалыматтар боюнча кээ бир саясатчылары Жогорку Кеңешке депутат болуп келүү үчүн эле 1 миллиондон доллар берүүгө даяр экен деген сөздөрдү угуп атканын айтып берген.

«МСН суббота» гезити ушу күндөрү ар кандай ушак-айыңдар күчөгөнүн, редакцияга Свердлов районундагы №36-кварталдык комитеттин кызматкери Людмила Лим кабарлап, 20-октябрда бүтүндөй шаар иш таштоого чыкканы жатканын, азыркы бийликти алып ыргытуу үчүн митингке чакырган адамдар пайда болгонун, ушундай адамдар ага да келгенин, бирок күүгүмдө алардын ким экендигин байкабай калганын… айтты деп жазган гезит, демек мындай каңшаар толугу менен саясый жактан банкрот болуп, өзүн өзү талкалаган радикалдуу оппозициянын гана колунан келерин, анын ушак тараткандан бөлөк куралы жок калганын, ошондой болсо дагы борбор туругундары сак болууларын, ал эми күч органдары мындай провакаторлордон алдын алуу үчүн өз иштерин жандандырышы зарылдыгын гезит кабарчысы Замир Өсөровдун «Референдум алдындагы «кыямат кайым» деген макаласы аркылуу кеп кылды.

«Жаңы ордо» гезити «Эмгек жана биримдик» саясый партиясынын Кыргызстандын элине, саясый партияларга Кайрылуусун жарыялады. Кайрылуу республикадагы партияларды биригүүгө, элдин татыктуу жашоосун камсыз кылуу, өлкөнүн келечеги үчүн биргелешип күрөш жүргүзүүгө чакырык менен аяктайт. Гезит мындан тышкары «Текебаевди депутаттыкка шайлап алганыбызга өкүнөбүз», «Президент жолдорго жакындан көңүл бура баштагы кубандырат» аттуу макалаларга орун берген.

«Агым» гезити референдумдан кийин өкмөт жаңыланарын жазуу менен кимдердин ордуна кимдер келерин тизмелеп чыкты. Мындан тышкары кымбатчылыктын токтоор түрү жогун, Орусияга ун издеп кетти деген өкмөт башчысы А.Атамбаев Маскөөгө учпай эле тамагы ооруп үйүндө жатканын, отко салса күйбөй, сууга ыргытса чөкпөгөн аткан минерлердин бири Жаныш Рустенбеков Казакстанда элчи болуп иштеп аткан кан кудасы Ж.Сааданбековдун ордун мээлеп калганын, Ички иштер министри Б.Ногойбаев орунбасары Субановду кызматтан кетирүү менен алектенсе, бийлик «Ак шумкар» партиясынын мүчөсү Равшан Жээнбековго кылмыш ишин издеп жатканын маалымдады.

«Новый Кыргызстан» гезити «Мурдагы ички иштер министри Т.Акматалиев 2002-жылдагы Аксы каргашасы тууралуу биринчи жолу сөз кылат» деген тема алдында аны менен суроо-жообун жарыялады.Экс-министр негзиги күнөөкөр ким деген суроого- ошол Боспиектеги кандуу окуя башталардан үч жума мурун ага губернатор С.Урманаев кайрылып, Аксыга коштоп барып келүү үчүн өзүнө 30-40тай ОМОН жоокерлерин сураганын, бирок министр уруксат бербей койгонун… бирок Урманаевдин аталган окуяга түздөн-түз күнөөсү жоктугун, эң башкы күнөөкөр- ошол кездеги мамлекеттик система экендигин айтып жооп берген.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ
XS
SM
MD
LG