«Коомдук теле-радиону өнүктүрүү жагдайлары» аттуу жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, МТРКнын жаңы түзүлгөн байкоочу кеңешинин өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдардын лидерлери, саясатчылар, ишкерлер жана ММК боюнча адистер катышты. Жыйындын катышуучулары канткенде каналды бир гана үйбүлөнүн эмес, жылпы элдин кызыкчылыгы үчүн иштете алабыз деген суроонун айланасында талкуу жүргүзүшүп, акырында бул жаатта жаңы түзүлгөн байкоочу кеңештин ролу өтө зор болорун баса белгилешти. Медиа өкүл институтунун директору Илим Карыпбеков бул тууралуу мынадай дейт:
- Мынакей УТРКнын маалымат-аналитикалык жагы, маалыматтык берүүлөрү ошол эле бойдон калды. Баягы эле президенттики, баягы эле бийлик тарапты көздөгөн дегендей. Эми мынакей байкоочу кеңеш түзүлүп калды, ал көп нерсени чече алат.
Каналдын маалымат берүү саясаты өзгөрбөй жатканы, мурункудай эле бийликти мактап-жактоо уланып келатканы тууралуу ой-пикирлерге УТРКнун маалымат аналитикалык бөлүмүнүн жетекчиси Эрнис Кыязов мындайча жооп кайтарды:
- Акаевдин мезгилинде эмне болсо Бакиевди деле мактап атасыңар деп атасыздар. Туура мен кошулам. Бирок, мен минтип айтар элем. Биздин УТРКда, айрыкча бийликте, акүйдө, саясий өңүтүн алганда баягы эле партократтар, эскиче ойлонгон адамдар отурат. Ошол жетекчилер мамлекеттик телеканалдан ошондой нерселерди талап кылат. Бийликтегилер муну түшүнүшү керек.
“Кыргыз Концепт” компаниясынын президенти Эмил Үмөталиев, Эрнис Кыязовдун айткандарына кошулат. Чындап эле бийликтегилер өздөрүн көп көрсөтүүнү талап кылышып, жалпы элдик кызыкчылыктар тууралуу унутуп калышууда. Анын айтымында маалыматтын бир жактуу берилип жатканын бийликтин өзгөргүсү келбей жатканы, ниети жана түшүнүгү жетишсиз экендиги менен түшүндүрсө болот:
- Эң биринчи бизге ниет жана түшүнүк жетишпей жатат. Эгер биз маселени туура түшүнүп, анан ак ниетибиз болсо, кадрлардын жетишпестиги же башка жетишпестиктер чечиле турган эле маселе болуп калат.
Жогорку Кеңештин депутаты Мелис Эшимканов, эми байкоочу кеңеш каналдын жетекчилигин толук жаңыртып, жаңыча ойлонгон, мыкты даярдыгы бар, жаш, билимдүү кадрларга ишеним көрсөтүшү керек. Анын айтымында, Эстониядагыдай кылып бир жарым миң адам иштеген каналдын кызматкерлерин төрт жүзгө чейин кыскартып, мыкты сапатка жетүүгө болот:
- Эстонияда, алардыкы деле биздикиндей штат болчу. Бир жарым миң адам иштечү. Алар төрт жүз элүүгө түшүрүптүр. Абдан мобилдүү. Азыр УТРКда айлыктары аз деп эле ыйлап атпайбызбы, 5000-6000 эле экен деп. Ошондой кыскартуунун эсебинен айлык-акыларды 25000ге чыгарыптыр, а бирок ошончо айлык алган журналистти катуу иштетип, маалыматтын мыктылыгына, сапатка жетишип атышат.