Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Ө.ТЕКЕБАЕВ: РЕФЕРЕНДУМДАН КИЙИН КЫРГЫЗСТАНДЫН ТАБИГЫЙ БАЙЛЫГЫ ЖЕКЕ МЕНЧИККЕ ӨТӨТ


Конституциянын жаңы редакциясынын долбоору референдум аркылуу кабыл алынгандан кийин, өлкөнүн табигый байлыктары жеке менчикке өтүп кетүү коркунучу бар, деп билдирди экс-спикер Өмүрбек Текебаев бүгүн парламент отурумунда. Ал эми депутат Карганбек Самаков болсо Кумтөрдү эл аралык шылуундарга дагы алдатып жибербөө үчүн “Камеко” менен кыргыз өкмөтүнүн жаңы түзүлгөн келишимин ратификациядан өткөрбөөгө чакырды. Премьер-министр Алмазбек Атамбаев Кумтөр боюнча парламент кечиктирбей туура чечим кабыл алып берсе, экономиканын өсүшүнө зор пайдасы тиет, деп эсептейт.

Парламенттин күн тартибинде Жогорку Кеңештин алтын кендери боюнча түзүлгөн комиссиясынын иликтөөсүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат угулуп, “Жерүй” кенинин айланасындагы талаш туудурган маселелерге токтолмок. Өкмөттүн сунушу менен “Жерүй” маселесин башка күнгө жылдырууга макулдугун берген спикердин аракетин депутат Болот Шерниязов мыйзамсыз деп нааразы болду. Ал он беш жылдан бери кыргыз өкмөтү алтын кенине туура эмес саясат жүргүзүп келатат, деп сынга алды:

- Он беш жыл боюу Кыргызстандын өкмөтү өз элине кыянатчылык, саткынчылык мамиледе иштеди Кумтөр менен. А жер үйдү эмне кылып атасыңар? Бирөөнү чечип алып туруп, эми экинчисине киришебизби. А Жерүй Кумтөрдөн эки эсе жаман болуп атат.

Болот Шерниязов «Жерүй» кени чиновниктердин жеке пайда көрүүчү «жем баштыгы» болуп калды деп эсептейт.

Кызуу талаш-тартыштан кийин «Камеко» , «Центерра» менен «Кумтөр» кени боюнча жаңы түзүлгөн келишим тууралуу каржы министри Акылбек Жапаров толук маалымат берди. Ал жаңы келишим боюнча салыктан эле экиңүч эсе пайда түшөөрүн, Кыргызстандын үлүшү 6 эсе көбөйөрүн баса белгиледи.

Депутат Карганбек Самаков буга чейин эле кыргыз өкмөтү мыйзамсыз аракеттери менен Кумтөр алтын кенин канаданын компаниясына алдатып, миллондогон каражтатардан кур жалак калганын айтып, Кумтөр кени боюнча түзүлгөн жаңы келишимди ратификациядан өткөрбөөгө кесиптештерин үндөдү.

Депутат Өмүрбек Текебаев Конституциянын жаңы редакциясы референдум аркылуу кабыл алынгандан кийин Кыргызстандагы табигый байлыктары жеке менчиктерге өтүп кетүү коркунучу бар экенин баса белгиледи:

- Конституциянын жаңы редакциясы референдумга алып чыгып атат. Ал жерде табигый байлыктар жеке менчикке берилет деген жер турат. Илгери жердин алдындагы байлыктар, үстүндөгү токой, мөңгүлөр Кыргызстандын элинин байлыгы кана болуп эсептелинет деп келсе, азыр өлкөнүн табигый ресурстар жеке менчиекке берилиши мүмкүн деп отурат. Эгерде ушундай боло турган болсо тооң- тоодой, мөңгүң-мөңгүдөй, токойуң-токойдой, айылың-айылдай жеке менчикке кетет. Азыр эле бир ууч чиновниктер токойлорду узак мөөнөт менен ижарага алып алышты. Мынакей бүгүнкү саясаттын көрүнүшү.

Ал эми депутат Акматбек Келдибековдун айтымында, Кумтөр кени боюнча түзүлгөн жаңы келишим мурда 2004-жылы түзүлгөн келишимдин эле көчүрмөсү, муну менен өкмөт шылуундарга шарт түзүп жатат:

- Өкмөт башчысы жана өкмөт курамындагылар, мынакей мыкты жасадык деген реструктуризацияңар, ошол 2003-жылкы кайталанган аферанын бири деп эсептейм.

Премьер-министр Алмазбек Атамбаев Кумтөр боюнча мурдагы кыргыз бийлиги кетирген каталыктарды жоюп, азыркы өкмөт мамлекетке пайда берүүчү жаңы келишимге жетишкенин белгилеп, парламент туура чечим кабыл алып берет деген ишенимде:

- Албетте он жыл мурдагы өкмөттүн кетирген кемчилигин азыркы өкмөткө үйө берген туура эмес. Азыркы өкмөт ар бир каражатты үнөмдүү, натыйжалуу бөлүштүрүп жатат. Камеко менен Кумтөр боюнча жаңы түзүлгөн келишимде азыркыга салыштырмалуу Кыргызстандын үлүшүн эки эсе көбөйтүүгө жетиштик. Мен ойлойм депутаттар мурдагыча 8-9 күн талкуулап отуруп алышпай, тез эле биз сунуштаган долбоорду колдоп беришет, деп.

Кумтөр алтын кени боюнча маселе парламентте дүйшөмбү күнү улантыла турган болду. Болот Шерниязов бул маселенин күңгөй-тескейи жөнүндө ошол талкууда кенен-кесири маалымат берерин кошумчалады.

XS
SM
MD
LG