Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:37

МУШАРРАФ МЕНЕН БХУТТО БИЙЛИК БӨЛҮШӨ АЛБАЙ УБАРА


Эртең ишемби күнү Пакистан парламентти жана провинциялардын аасамблеясы өлкө президентин шайлашат. Президенттикке беш талапкер атаандашууда. Бирок, азыркы президент Первез Мушаррафтын кайра шайлануу мүмкүнчүлүгү чоң экени айтылууда.. Аны парламентарийлердин көпчүлүгү колдоодо. Бирок, жоон топ оппозициячыл саясатчылар Мушаррафтын талапкерлигине нааразычылык ирети депутаттыгынан баш тартышты.

Пакистанда президентти парламенттин эки палатасынын 442 мүчөсү, ошондой эле өлкөдөгү төрт провинциянын ассамблеясынын депутаттары шайлашат. Мушарраф шайлоого бийликтеги Пакистан мусулмандарынын лигасынын өкүлү катары баратат. Лига өлкөнүн жана провинциялардын парламентин контролдойт. Мушаррафтын шайлоого чейин Пакистан армиясынын башчылыгынан баш тартпаганына нааразы болгон 160тан ашуун оппозициячыл депутат мандаттарын өткөрүп беришти. Алар, исламчыл топтор жана Адвокаттар ассоциациясы арздынгандан улам 5- октябрда Жогорку Сот президенттик шайлоонун жеңүүчүсү Мушарраф башкы командачылыктан баш тарткандан кийин гана жарыяланат деп чечти. Бул чечим шайлоо күнү чоң чатакка айланышы жана Мушаррафтын сүргүндөгү экс- премьер- министр Беназир Бхутто менен альянс түзүүсүнө жолтоо болушу ыктымал. Мушарраф менен Бхутто ортосундагы элдешүү сүйлөшүүсү кандай аяктайт, азырынча белгсиз. Учурда Лондондо турган Бхутто айым сүйлөшүү чоң кыйынчылыктар менен өтүп жатканын билдирди:

-Кечээ күнү бир туңгуюкка кабылдык. Өткөн күнкү чалды- куйду сүйлөшүү, талкуу жана убадалашуудан кийин алга жылыш болгонун биз сездик. Бирок, улуттук элдешүүнун мыйзам долбоору даяр болмоюнча биз эмнеге жетишкенибизди айта албайбыз.

Беназир Бхутто президенттик шайлоодо Мушарраф жеңсе, премьер болууну көздөөдө. Сегиз жыл мурда аскерий төңкөрүштүн натыйжасында бийликке отурган Мушарраф кайра президент шайлансам, армиянын командачылыгын өткөрүп берип, жарандык бийликти калыбына келтирем деп сөз берген. Бирок, оппозиция тарап Мушарраф 2004-жылдын декабрында эле ушундай убада берип, аткарбай койгоннун айтып, шайлоону кийинге жылдырууну талап кылып, Жогорку Сотко доо арыз жолдоду. Оппозициячыл саясатчы Билкюс Сайыф айымдын сөзүнө караганда:

- Мушарраф президенттикке конституцияда жок жол менен кайра шайланганы жатат. Буга жол берүү улут үчүн да, ар бир адам үчүн да мүмкүн эмес. Биз ошон үчүн парламенттен кетпедикпи.

Айрым талдоочулар армиянын таасири күчтүү болгондуктан, шайлоодон кийин да генералдар кырдаалды колдон чыгарбасын айтышат. Алардын бири Эларалык кризистик топтун вице- президенти Марк Шнайдер:

- Пакистанда демократтык өкмөт түзүлөбү же жокпу, Пакистан армиясы таасирлүү күч бойдон калып, бийлигин жоготпойт.

XS
SM
MD
LG