Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:16

ПОЛИТКОВСКАЯ АТЫНДАГЫ АЛГАЧКЫ ЭЛ АРАЛЫК СЫЙЛЫК ЭЭСИН ТАПТЫ


Муса Мураталиев, Москва Лондондо чеченстандык журналист жана адам укугун коргоочу Наталья Эстемировага мындан кийин ар жылы ыйгарылып турулуучу Анна Политковская атындагы алгачкы сыйлык тапшырылды. Бир нече нобелдик сыйлык лауреаттарынын колдоосу астында уюшулган атайын фонддун негизиндеги ал сыйлык, согуш жүрүп аткан аймактардагы аялдарга адам укугун коргоо багытында көрсөткөн ишкердиги үчүн ыйгарылып турулат. Сыйлыкты тапшыруу каадасы үстүндө, Наталья Эстемирова, дүйнө Чеченстанда дагы эле - киши уурдоо, өлтүрүү жана кыйноо болуп атканын унутпашы керек экегдигин белгилеген.

Анна Политковская атындагы сыйлык көптөгөн саясатчылар жана коомдук ишкерлерге колдоо көргөзүү максатта чукталган атайын кордун негизинде уюшулган. Ошол сыйлыкты, анын алгачкы ардагерине тапшыруу каадасы кечээ Лондон калаада өткөн. Ал жакта бозгунда жүргөн журналист жана адам укугун коргоочу Наталья Эстемировага аны тапшыруу болгон. Ошол жерде ардагер оозунан чыккан алгачкы кеп мындай болгон:

- Аня арабызда жок, бирок ал эмдигиче, мурдагысындай эле адамга жардам берүүсүн улантып атат.

Андан ары Чеченстан менен Ингушетияда адам уурдоо, киши өлтүрүү, колго түшкөндөрдү кыйноо мурдагыдай эле уланып атат ошондуктан Батыш Чеченстандагы абалды эсинен чыгарбашы керек деген. Эстемирова сыйлыкка келген каражатты боордошторунун боштондугу үчүн жумшай тургандыгын айткан:

- Азыркы тушта бизде, абдан көп чечен уландар орусиялык абактарда жатышат. Алар бөөдө жалаа менен башкалар жасаган кылмыштар үчүн кармалышкан. Эми ал иштерди кайра каратуу керек. Ошол жардамга керек болуучу каражатка бул сыйлыгымдын кирешесин коротмокчумун.

Атактуу адам укугун коргоочу жана журналист Анна Политковская былтыр атыларынын алдыңкы күнү «Азаттык» үналгысы үчүн берген маегинде мындай деген эле:

- Мен бүгүн Кадыров абагында жаткандар үсүнөн кечээ жана бүгүн кантип кыйноолор жасалганын изилдеп атамын.

Анан 2006-жылы 7-октябрде өз босогосунда аны кимдир бирөөлөр атып кеткен. Ал кылмыш боюнча Орусиялык башкы прокурор кине койгон үч киши кармалып, бирок кийин алар камактан бошотулуп ийген.

Маркум ок жеп кайтыш болгон күндү эл аралык коомчулук катуу белгилешүүдө. Баса, жогоруда айтылган, Политковская атындагы сыйлык каржыланчу атайын корду Вацлав Гавел, Збигнев Бжезинский, Ванесса Редгрейв, Сергей Ковалев, Владимир Буковский, Елена Боннэр, Людмила Алексеева, Алексей Симонов, Юз Алешковский жана лорд Жадд негиздешкени туурасында агенттиктер жазып чыгышты.

XS
SM
MD
LG