Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:08

ОРУСИЯДАГЫ ПАРТИЯЛЫК СИСТЕМА ӨЗГӨРҮҮЛӨР АЛДЫНДА


Нарын АЙЫП, Прага Орусияда декабрда өтө турган парламенттик шайлоодо президент Владимир Путин "Бирдиктүү Россия" партиясынын шайлоо тизмесине кире турганын билдиргенден кийин, өлкөдө эми бир партиянын монополиясы түзүлүшү мүмкүн деген сөздөр айтыла баштады. Бирок, айрым башка эксперттердин пикиринде, парламентке сөзсүз кеминде дагы бир партия өтөт жана ал - коммунисттер болушу мүмкүн.

Орусиянын мыйзамдары боюнча, парламенттин ылдыйкы палатасы - Мамлекеттик думада сөзсүз кеминде эки партиянын депутаттары отуруш керек. Ошондуктан, эгер шайлоодо бир гана партия утуп, башка эч ким жети пайыздык босогодон өтө албай калган учурда дагы экинчи келген партиянын өкүлдөрүнө Думада орун берилүүгө тийиш.

"Бирдиктүү Орусия" партиясынын 1-октябрда Маскөөдө өткөн курултайында президент Владимир Путин ал партиянын шайлоо тизмесин баштап берүүгө макулдугун берди жана дароо айрым эксперттер - эми Орусияда Казакстандагыдай абал түзүлүп, Думадагы бардык орундарды "Бирдиктүү Орусия" ээлеп алат деп айта баштады.

Путиндин жарыясына чейин өткөрүлгөн сурамжылоолор - "Бирдиктүү Орусия" шайлоодо 55-60 пайыз добуш чогулта алаарын көрсөткөн, президенттин жарыясынан кийин ал сан эми, Левада Центри билдиргендей, 15-20 пайызга көбөйүшү мүмкүн.

Анткен менен Путин өзү - ал шайлоо тизмесин жетектегени менен, партияга мүчө болуп кирбей турганын дагы айтты: "Мен чындап эле 'Бирдиктүү Орусия' партиясын түзүүчүлөрүнүн бири болгонум менен, өлкөнүн көпчүлүк калкы сыяктуу эле эч бир партияга азыр кирбейм жана андай абалды өзгөрткүм келбейт", - деди Путин 1-октябрда.

Кремилдин колдоосу менен Орусияда былтыр дагы бир партия түзүлгөн, ал - парламенттин өйдөкү палатасы - Федерация кеңешинин төрагасы Сергей Миронов жетектеген "Адилет Орусия" деген партия. 3-октябрда журналисттер менен жолукканда, Миронов - эми Орусияда чыныгы эки партиялуу система түзүлөт жана экинчи партия - анын "Адилет Россиясы" болот деп билдирди. Анын айтымында, АКШдагы эки партиялуу система чындыгында андай эмес, анткени Демократиялык партия менен Республикалык партиянын идеологиясы коендой окшош. Орусияда андай болбойт.

Анткен менен, айрым эксперттердин пикиринде, Думага өткөн экинчи партия Мироновдукунан башка партия болуп да чыгышы мүмкүн. "Индем" фондунун төрагасы Георгий Сатаровдун айтымында, Путиндин демилгесинен кийин Орусияда партиялык кризис башталды, анткени чыныгы партиялык мелдешке Кремил эч качан жол бербейт. Башка эксперттердин пикиринде, Мироновдун "Адилет Орусия" партиясы бир жагынан толугу менен Путинди колдоп, экинчи жагынан "Бирдиктүү Орусияга" каршы күрөшө албайт.

Ага "Бирдиктүү Орусия" өзү дагы жол бербейт. Мисал үчүн, 1-октябрдагы курултайдан кийин "Адилет Орусиянын" Рязан облусундагы плакаттары дароо алып салынды. Аларда - "Путиндин планы - адилеттүүлүктүн жеңиши" деп жазылган.

Ошондуктан, кээ бир аналитиктердин пикиринде, "Бирдиктүү Орусиянын" негизги атаандашы катары коммунисттер тандалышы мүмкүн. 1-октябрга чейин өткөрүлгөн сурамжылоолор - коммунисттерди Орусиянын 18 пайыз калкы колдогонун көрсөткөн, ошондуктан декабрдагы шайлоодо партия жети пайыздык босогодон өтө алаары бышык. Аны менен катар коммунисттер, биринчиден, - чыныгы оппозиция. Экинчиден, алар Орусияны дүйнөлүк сахнада ири мааниге ээ болгон дөөлөткө айлантуу боюнча Кремилдин пландарына каршы эмес. Жана үчүнчүдөн, алар менен күрөшүү оңой.

XS
SM
MD
LG