Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:22

ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИНЕ ШАЙЛОО ҮЗГҮЛТҮККӨ УЧУРОО КОРКУНУЧУ БАР


7-октябрда Ош шаардык Кеңешине шайлоо үзгүлтүккө учуроо коркунучу бар. Себеби, үч мандаттуу 10 округда уюшулган 72 шайлоо участкасында комиссиялардын басымдуу курамы чоң кызматтагы талапкерлердин табитине ылайык түзүлгөндүктөн, аларды кайра жаңылоо проблемасы жаралды.

Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Мухтар Пайзилдаев акыркы сааттарда округдардан даттангандар арбыгандыгын, бирок, алардын жазгандары негизинен туура чыгып жаткандыгын эске салды. А түгүл соттор дагы мыйзамсыз кадамдарды байма-бай аныктап, участкалык шайлоо комиссияларынын курамдарын жалпы жонунан жаңылоого мажбурлап жаткандыгын кулак кагыш кылды. Мунун кесепетинен участкалык коммисияларды кайра түзүүгө үлгүрүшпөстүгүнө, босогодо турган 7-октябрдагы шайлоо үзгүлтүккө учуроо астанасында тургандыгына токтолду:

- Ушундай эле көрүнүш 3 жана 7 округда бар. Шайлоочулардын курамына туура эмес сунушталган, протоколдору жок деп берген.

Жалгыз мисал: айласы куруганда шайлоокомго даттангандардын бири № 7-округдан шаардык Кеңешке депутаттыкка талапкер Нооманжан Давыдовдун койгон дооматы толук тастыкталды. «Ошсууканал» мамлекеттик ишканасынын начальниги, талапкер Дөөлөтбек Кокочоров өзүнө караштуу 14 адамды участкалык шайлоо комиссияларына ар жерде иштеген киши сыңары кийиргенге үлгүргөндүгү акыры билинип калды:

- Бир водоканал дебестен 18 адам башка аймактан келген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Абдыжапар Бегматов добуш сатып алуу фактысын далилдөө кыйын экендигин моюндады. Кокус ушундай жоруктун чети билинсе, талапкерди токтоосуз жазалоого мыйзам уруксат кылаарын кыйытты:

- Айрым шайлоо округдарда депутаттыкка талапкерлердин кол астында иштегендер участкалык комиссиянын курамына кирип калган экен. Азыр шаардык шайлоо комиссиясы ушуларды иликтеп атат. Эгерде чындыгында ушундай фактылар болсо аларды курамдан чыгарып кайрадан резервде турган кишилерден комиссиянын курамын толуктап жатат.

Жетимиш жетидеги карыя Али Молдошев экинчи борбордун парламенти бүтүндөй жаңылоого муктаж, эми жаштарды, аялдарды жана тажрыйбалууларды гана шайлоо зарылчылыгы бышып жетилди деген тейде:

- Азыркы депутаттардын барын айдап, жаңыдан шайлоо болуш керек. Ошондо кем дегенде 25 пайыз аялдардан, 20-30 пайыз жаштардан аралаштырыш керек.

Дагы бир шайлоочу Умсунай Малаева арак дале суудай агып, пул самандай чачылгандыгына, демек, добуштар кадимкидей сатылып жаткандыгына кабатырланды. Өзү шайлоо өнөктүгүн Кыргызстанда Рамазан айына тушташ керектигин какшыктады:

- Шаардык Кеңешке кандидатурасын койгон талапкерлер жаштарга акчасын, арагын берип атат. Шайлоонун өзүн орозого коюш керек экен. Ал эми орозо кармагандарга оозду күндө ачтырып, жыргап эле калдык.

Материал беленделип бүткөндө Ош шаарынын орун басар прокурору Рахманберди Мусаев өзүнө караштуу адамдарды участкалык шайлоо комиссиясына ар жерде иштеген адам сыңары коштурган мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилерине эч кандай чара көрүлбөй тургандыгын, катачылык комиссияларды бекиткен Ош шаардык Кеңешинен кеткендигин маалымдады.

XS
SM
MD
LG