Евразия кызматташтык уюмунун Дүйшөмбүдөгү жыйынында уюмга кирген мүчөлөрдүн экономикалык кызматташтыгын өркүндөтүү жайында кеп болгонун Тажикстан президенти Эмомали Рахмон мындайча билдирди:
- Экономикалык кызматташтыктын мындан аркы перспективасын шериктештиктин өз ара алака-мамилеси аныктайт. Бул документтин негизги артыкчылыгы дүйнөдө, ошондой эле постсоветтик мейкинде болуп жаткан процесстерди так аныктагaнында болуп жатат. Концепцияда мамлекеттер эмнеге өзгөчө көңүл бурары так аныкталган,- деп айтты Эмомали Рахмон.
Евразия экономикалык кызматташуу уюмуна мүчө өлкөлөр, ошондой эле күнкорсуз маммлекеттер шериктештиги жыл кур эмес жолугуп, бир топ маанилүү саясий-экономикалык документтерге кол коюшат. Саясат таануучу Орозбек Молдалиевдин ырасташынча, мындай документтер байма-бай кабыл алынганы менен алардын кайрымжысы жок:
- Күнкорсуз мамлекеттер шериктештиги, Жамааттык коопсуздук келишимине кирген өлкөлөр жыйыны көбүнчө кагаз жүзүндө калган уюмдар болуп жатпайбы. Ошондуктан Кыргызстан бул жүктү алып кете албайт деп айтыш кыйын. КМШ түзүлгөндөн бери канча документтер кабыл алынганын жетекчилердин өзү да так айтып бере алышпайт. Оголе көп чечимдер кабыл алынган. Ошонун канчоосу иштеп атат дегенге да жетекчилер так жооп бере алышпайт. КМШ – мааниси терең уюм, ал Югославияга окшоп согушуп ажырабай, цивилизациялуу бөлүнсүн деп түзүлгөн уюм болчу. Муну иштетип кетели деген аракеттер болуп жатат, бирок ал иштебей жатышынынын көп себептери бар.
Орозбек Молдалиевдин ырасташынча, кабыл алынган документтердин ишке ашырылышы, алардын практикалык кайрымжысы кандай экендиги тууралуу ачык кеп болбой келе жатат:
- Жамааттык коопсуздук келишими деле ошондой. Мисалы, Кыргызстан курал-жаракты 2 миллионго бердик деп айтып келатышат. Ушундай маалыматты мага бир журналист айтканда, бизге мындай жардамды эч ким бекер бербестигин, анын баасын сураш керектигин айткам. Орусия баш болгон башка өлкөлөргө канча сатсак, ошончо көлөмдөгү гана жардам аларыбызды айтсам менин сөзүм чын чыгып отурбайбы. Кыргызстан Жамааттык коопсуздук уюмуна мүчө болгондон кийин курал-жарактар НАТО сындуу арзан болушу керек. Андай механизм Орусияда жок,- дейт О.Молдалиев.