Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:44

8-ОКТЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1939-жылы Фрунзе шаардык кеңештин 288 депутатынын 148 өкүлү эл душманы атыгып камакка алынган. СССР Конституциясынын Жаңы редакциясынын кабыл алынышына байланыштуу 1977-жылдын 8-октябрында Фрунзе шаарынын тургундары өкмөт аянтына чыгарылды.

Кокон хандыгына каршы козголгон кыпчактар бийлик үчүн олуттуу коркунуч жараткан. Мындан улам кыпчак козголоңунун жетекчиси Мусулманкулга каршы жазалоо компаниясын Худаяр хан өзү жетектеген. Каршылашкан тараптар ортосундагы салгылаш 1852-жылдын 8-октябрында Былкылама жергесинде жүрүп, хандык аскерлер чечүүчү жеңишке жетишишкен. Жеңилген тарап Наманганга качып, Худаяр хан алардын артынан сая түшө кууган.

Тарыхый фактылар далилдегендей, көтөрүлүштүн чыгыш себеби, Мусулманкулдун кадрдык саясатынан улам келип чыккан. Мусулманкул хандык администрациядагы кызматтарга жалаң кыпчактарды коюп баштаган. Өзбек адамдары буга нааразылык ирээтинде кыпчактарды кырууга киришкен. Жазма булак маалыматтарына караганда Худаяр хан да «шайтан алгыр урууну» жер менен жексен кылуу керек деген көрсөтмө берген экен.


Сталиндик кызыл террор маалында кенедей күнөөсү бар да, бейкүнөө адамдар да жазага тартылып, адал менен кылмыштын ортосундагы аралык таанып билгиз даражага жеткирилген. Фрунзе шаардык жумушчу, дыкандар менен кызыласкерлердин кеңешинде да 1939-жылдын бу күнү ушундай эле абал өкүм сүрдү. Шаардык кеңештин 288 депутатынын 148 өкүлү Эл душманы атыгып камакка алынып, алардын бир дары атылып кеткен.

Фрунзе шаарында жарык көрчү маалымдоо каражаттары 1939-жылдын 8-октябрында «ТАССтын төгүндөөсүн» жарыялашты. Советтер Союзунун Телеграфтык Агенттиги советтик аскер күчтөрүнүн Кытай Элдик Республикасынын Синьцзян чегарасына жакын жайгаштырылып, ал түгүл Синьцзян провинциясына киргизилди деген кабарды кескин түрдө жалган кабар экендигин билдирди. ТАССтын белгилөөсүнө ылайык, мындай ушак лондондук жана ньюйорктук маалымдоо каражаттарынын карасанатай иши катары бааланыш керек.

СССР Илимдер Академиясына караштуу Кыргыз филиалынын археологиялык экспедициясынын жетекчиси, тарых илимдеринин доктору А. Н. Бернштам 1944-жылдын 8-октябрында Нарын дарыясынын жогорку агымында жүргүзүлгөн изилдөө жыйынтыгы туурасында отчет берди. Айтылуу археологдун белгилөөсүнө ылайык, Нарын жергеси илгертеден бери Азия континентиндеги мамлекеттердин тагдырын чечкен көчмөн калктардын бешиги болуп келген. Археологиялык экспедиция тарабынан жогорку Нарындан хуннулардын маданиятына тиешелүү жана сасаниддик мезгилге таандык материалдар табылган.

Кыргызстандын фауна жана флорасын коомчулукка таанытууда зор эмгек сиңирген фрунзелик журналист Василий Борзуковдун акыркы макаласы «Советская Киргизия» гезитинин 1947-жылдын 8-октябрдагы санына жарыяланган. Айтылуу чөлкөм таанычу жана белгилүү журналист Василий Борзуков Кыргызстандын жаратылышын иликтеп, анын ажайып өзгөчөлүгүн гезит беттерине талыкпай жарыялап турган.

Фрунзе областы 1949-жылдын 8-октябрында СССР калктарынын «жол башчысы» жолдош Сталинге мамлекет кампасына эгиндин пландан ашык төгүлүшү туурасында рапорт берди. Областтын эмгекчилери Чүй өрөөнүнөн 500 миң пуд эгинде пландан ашык жыйнашкан.


СССР Конституциясынын Жаңы редакциясынын кабыл алынышына байланыштуу 1977-жылдын 8-октябрында Фрунзе шаарынын тургундары өкмөт аянтына чыгарылды. Эски борбордук аянтта колдоруна Ленин менен Брежневдин портреттерин көтөргөн адамдар Жаңы редакциядагы Конституциянын кабыл алынышын социализмдин улуу жеңиши катары баалашты.
XS
SM
MD
LG