Америкалык окумуштуулар Марио Капекки (Mario Capecchi) менен Оливер Смитис (Oliver Smithies) , британиялык Мартин Эванс (Martin Evans) медицина жана физология жаатындагы Нобель сыйлыгына түйүлдүктүн сөңгөк клеткаларын изилдөөдөгү олуттуу ачылыштары үчүн татыктуу деп табылышты. Алар быйылкы сыйлыкка арзыганын Швециянын Каролин медицина институтунун алдындагы Нобель комитети жарыялады. Америкалык жана британиялык үч окумуштуу өз изилдөөлөрүнүн аракасында түйүлдүк сөңгөк клеткаларды колдонуу менен чычкандардын генине таасир берип, модификациялоонун технологиясын иштеп чыккан. Мындай ыкма өз кезегинде киста фибриозу сыяктуу дарттар адамдын организмине эмне үчүн клеткалык деңгээлде эле зыян келтирерин аныктоого жол ачат экен.
Маалыматтарга караганда, америкалык жана британиялык үч окумуштуу жасаган ачылыштар рак, диабет, паркинсон сыяктуу илдеттердин келип чыгыш себептерин мурдагыдан да жакшыраак түшүнгөнгө жардам берет экен. Баяндамачылар Нобель комитетинин медицина жаатындагы сыйлык ээлери боюнча быйылкы чечими күтүүсүз эмес экенин белгилеп жатышат. Сыйлык быйыл сөңгөк клеткалардын касиетин же рак дартын дарылоо менен менен байланышкан иликтөөлөргө берилери мурдатан эле болжолдонуп жаткан. Ал эми былтыркы Нобель сыйлыгын америкалык генетик окумуштуулар: Эндрю Файр(Andrew Fire ) менен Крейг Мелло
(Craig Mello) алышкан эле.
"Ассошиейтед пресс" агенттигинин жазганына караганда, медицина жаатындагы быйылкы сыйлык ээлери ичинен эң улуусу - Оливер Смитис 82 жашта. Азыр АКШнын жараны болгону менен Британияда төрөлгөн. Ал эми 70 жаштагы Марио Капекки теги боюнча италиялык. Сыйлык ээлеринин эң жашы - британиялык Мартин Эванс 66да.
Нобель сыйлыгынын лауреаттарынын ысымдарын жарыялоо жөрөлгөсү бирөөсүнөн башкасы Стокгольмда өтөт. Нобель Тынчтык сыйлыгы кимге ыйгарылгандыгы гана Норвегиянын борбору Ослодон жарыяланмакчы. Быйыл бул сыйлыкка 181 адам көргөзүлгөн. Башкы атаандаштар арасында, АКШнын мурдагы вице-президенти, азыр дүйнө коомчулугунун көңүлүн глобалдык жылуулуктун болочок кесепеттерине буруп, ага каршы күрөшүү багытында жигердүү иш жүргүзүп жаткан Альберт Гор да бар экени айтылууда.
Ар бир номинация боюнча сыйлыктын өлчөмү быйыл 10 миллион швед крону же 1,5 миллион АКШ долларына барабар. Лауреаттар акчадан тышкаары Нобелдин сүрөтү түшүрүлгөн алтын медаль жана дипломду да алышат. Сыйлыктарды ээлерине тапшыруу салтанаты - 10-декабрда, сыйлыктын негиздөөчүсү Альфред Нобель өлгөн күнү Стокгольмдун филармониясында өтөт. Швециялык өндүрүшчү Альфред Нобель атындагы сыйлык ыйгарыла баштаганына быйыл 106 жыл болду.