Иракта азыр 5500 британ солдаты бар, алардын миңге жакыны жаңы жылга чейин чыгарылат. Жазга чейин дагы беш жүздөйү, андан соң миң чактысы кыскартылат. Соңку эсепте Иракта британдыктардын 2,5 миң жоокери калат.
“Биздин командачылык, улуттук коопсуздук комитети, ирак өкмөтү жана союздаштар менен кең-кесири масилеттешип, анан, арийне, конкреттүү шарттарды эске алып, эмдиги жылдын жазынан баштап Ирактын түштүгүндөгү биздин аскерлердин санын 2,5 миңге чейин кыскартууну пландап жатабыз”,- деп айтты Браун британ парламентиндеги сөзүндө.
Андан саал мурдараак Браун бул темага кезектеги маалымат жыйынында да токтолуп, Ирактагы аскерлерди кыскартуу утулуш эместигин,тескерисинче,коопсуздук маселесин ирак эли өз колуна ала баштаганын билдирет деп белгиледи.
Ирактагы британ контингенти Басрага жакын жерде жайгашкан. Айдын башында бул жерде болуп, Браун аскерлердин ролу өзгөрө турганын айткан. Багдад өкмөтү берген убадага ылайык, Басраны ноябрда ирак коопсуздук күчтөрү толугу менен өз жоопкерчилигине өткөрүп алууга тийиш.
Лондондогу маалымат жыйынында Браун Иранды Ирактын иштерине кийлигишип, кооп-козголоңдун күчөшүнө, жаңы курмандыктарга алып келген, терроризмге колдоо көрсөткөн жана телчигип келаткан демократияга каскак келтирген аракеттерден сактандырды.
Ирандын атомдук программасын Браун ядролук куралдарды таркатпоо келишиминин бузулушу таризде сыпаттады. “Иран жасап жаткан иштерге биз өтө олуттуу мааниде карайбыз, бу проблеманы чечкени ар түрдүү тарыйкаларды - дипломатиялык ыкмаларды жана санкцияларды колдонгонго даярбыз. Башкача болуп кетишин да жокко чыгара албайм”,- деп айтты Браун.