Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:14

ОШ: ШАЙЛОО ЖЫЙЫНТЫГЫНАН НААРАЗЫЛЫК ЧЫКТЫ


8-октябрда № 1-Туран округунан Ош шаардык Кеңешине депутаттыкка талапкер Хулкарпаша Сабированын 70 чакты тарапкери Ош шаардык мэриясынын астына нааразычылык акциясына чыгышты. Алар № 271-, 273-, 274-шайлоо участокторунун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылышты.

8-октябрда түшкө жакын Ош шаардык Кеңешине шайланган депутаттардын ысымы аталды. Жергиликтүү парламентке 30 киши өттү, анын 24ү кыргыз, алтысы өзбек, булардын ичинен бирөө гана аял. Кошумчалай турган нерсе: 30 депутаттын төртөө жогорку окуу жайлардын ректорлору.

№ 1-Туран округунан 9828 адам шайлоого катышып, анын 2599 Хулкарпаша Сабирова үчүн добуш беришкен. Булар аз, комиссия мүчөлөрү Сабированын бюллетенин атаандаштарынын пайдасына тууралашкан деп эсептешет акция катышуучулары.

Нааразылык акциясынын катышуучусу, Ош облус губернаторунун мурунку орун басары Ачахан Турганбаева кимдер шаар парламентине өтөөрү күн мурунтан белгилүү болгон, мыйзам бузууларга милициялар да катышкан, бийлик Акаев кезиндегиден да ашып түшкөн жорукка барды дейт.

- Мурда биз Аскар Акаевдин мезгилинде шайлоо процесси демократия жолу менен жүрүп өттү десек, андан да ашып түштү. 20 күн мурда эле белгилеп койгон экен, кимдер өтөт, ал эмес улуту боюнча белгилеп койгон.

«Эл бийлиги» коомдук кыймылынын жетекчиси Маматкадыр Акматов мыйзам бузган талапкерлер жана шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү үчүн жоопкерчилик күчөтүлмөйүнчө башаламандык күчөп, өлкөдө чыр-чатактардын ырбашына алып келет деген көз карашта.

- Эч кандай жоопкерчилик болгон жок. Мындай иштерди кылган үчүн бирөөнүн чачы да түшкөн жок. Эң жаман жери бардыгы уюшкан, коррупция жолу менен баратпайбы. Мындай боло турган болсо эртеңки боло турган референдумга дагы чоң таасири тийип калышы мүмкүн. Андан кийин биздин стабилдүүлүккө да жаман таасири тийип калышы мүмкүн, - дейт Маматкадыр Акматов.

Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Мухтар Пайзилдаев мэриянын астын котологондордон ага жана коллегаларына кысымчылык көрсөтпөөнү суранды. Ошол эле учурда нааразы тараптардын талабын караштырып көрөөрүн билдирди.

- Сабированын талапкерлерине сиздерден башка мынча арыз бар деп папкени көрсөттүм. Буларды комиссия түшкө чейин окуп, тиешелүү адамдарды чакырып, саат 4тө карайбыз деген, - деди Мухтар Пайзилдаев.

Нааразычылык акциясынын катышуучулары алардын талабы толук аткарылмайынча тарабай тургандыгын ырасташты. Ушул эле учурда шаардык шайлоо комиссиясына № 4-, 7-, 8-округдардан даттануу түшкөндүгүн уюмдун төрагасы Мухтар Пайзилдаев өзү «Азаттыкка» маалымдады.

XS
SM
MD
LG