Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:38

ПРЕЗИДЕНТ САРКОЗИ МОСКВАДА ДАГЫ РОССИЯНЫН САЯСАТЫН АЧЫК СЫНДАЙБЫ?


Франциянын президенти Николас Саркози шейшемби күнү Россияга келгенде бар дипломатиялык өнөрүн көрсөтүш керек болот. Саркози президенттик шайлоо өнөктүгү маалында Россиянын лидери Путинди Чечен согушунун канына колу булганганын айтып сындаган болсо, өткөн жумада Кремлди дүйнөлүк проблемаларды татаалдантууда деп күнөөлөгөн. Россияга аттанар алдында Польшанын президенти жана Чехиянын премьер- министри менен кездешти. АКШнын абадан коргонуу системасын Польша менен Чехияга жайгаштыруу планына Россия каршы чыккан.

Николас Саркози Франциянын мурдакы президенти Жак Ширактан айрымаланып, Россиянын тышкы, энергия, коопсуздук саясатын сындоодо курч сөздү аябайт. Франциялык саясат изилдөөчү Жак Рүпниктин айтымында, президент Саркози кээде Россияны “түз эле бетке” чаап сындайт:

-Франция Россияда соңку кездерде болгон окуяларга үндөшпөгөн сөздөрдү ачык айтууда. Атүгүл президент Саркози Россиянын саясаты “адамгерчиликсиз” болуп кетти дегенге чейин барды. Албетте, бул дипломаттык тил эмес. Бул Россиядагы демократиялык проблемаларга өтө сезимталдык менен мамиле жасалганын көрсөтөт.

Саркози 4- октябрда Болгарияга сапарга барганда Россияны дүйнөлүк саясатты татаалдантууда деп, Москванын Косовонун эгемендигине каршы чыгып жатканына ишаара кылган. Кийинки күнү Украинанын батышчыл президенти Виктор Ющенко менен кездешкен. Ющенко менен Путиндин ымаласы жок. Саркози 8- октябрда Польшанын президенти Лех Качинский жана Чехиянын премьер- министри Мирек Топаленек менен жолугушту. Бул эки өлкө тең Россияга сын көз менен карашат. Топаленек жакында эле журналист Анна Политковскаяны өтүргөн адамдарды табуу Россия үчүн чоң сыноо экенин эскерткен.

Француз философу Андре Глюкман айткандай Саркози президенттик шайлоо өнөктүгү маалында эле сөз эркиндиги жана адам укугу Франциянын тышкы саясатынын чордонунда болорун шардана кылган:

- Саркози мурдакы президент Ширактан өзгөчөлөнүп, Россияга Евробримдиктин жаңы мүчөлөрүнүн чени менен мамиле кылат. Жалпыга маалым, Ширак Путиндин эң жакын досу болчу жана Анна Политковская өлтүрүлгөндөн эки апта илгери Путинди республиканын эң жогорку сыйлыгы- Ардактуу легионер ордени менен сыйлаган.

Ширак тушунда Франция АКШнын ракетадан коргонуу жана НАТОнун Грузияны мүчөлүккө тартуу планына салкын мамиле кылган. Саркози тескерсинче бул пландарды жактап, Францияны НАТОго кайра кошууга дилгир жана Грузиянын президент Саакашвилини Саркози Парижде коноктоду. Ширак аны менен жолугушпай жүргөн.

Арийне, француз дипломаттары Париж Чыгыш Европа өлкөлөрү менен мамилесин бекемдеп, Россияга каршы эч кандай саясат жүргүзбөшүн айтышат.

XS
SM
MD
LG