Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:33

ИСА ӨМҮРКУЛОВ: КУМТӨРДӨГҮ АФЕРАНЫ БАШЫНАН АЯГЫНА ЧЕЙИН ТЕКШЕРҮҮ КЕРЕК


Жогорку Кеңеш канадалык “Камеко” корпорациясы менен кыргыз өкмөтү ортосунда ушул жылдын 30-августунда жетишилген макулдашууну талкуулап жатат. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында кыргыз тараптын акциясы эки эсе көбөйүп, салык жагынан дагы бир катар пайдалуу бүтүмдөр болгон. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгын өкмөт олуттуу утуш катары баалаганы менен парламент Кумтөрдөгү алтын Кыргызстандын пайдасына иштебей жатат деп сынга алууда. Бул маселе боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Иса Өмүркулов “Азаттык” менен ой-пикир алышты.

- Азыр Кыргыз өкмөтү жетишилген макулдашуу колдоо таппай калса кыргыз тарап пайдадан кол жууйт деп тынчсызданып турган кез. Эки күндөн бери парламентте кызыл-чеке талаш болуп жатат. Сиздин көз карашыңызда макулдашууну парламент колдойбу? Көз караштардын тең салмактуулугу кандай болуп атат?

- Кумтөр маселеси биздин мамлекет үчүн зор мааниси бар экени барыбызга белгилүү. Себеби Кумтөр алтын кен запастары боюнча дүйнө жүзүндө үчүнчү орундагылардын ичинде. Албетте, алтындын маселеси Кумтөр кени иштеп башталгандан келатат.

Бүгүнкү өкмөттүн абалын мен түшүнүп турам, аракеттенип атат. Бирок эң негизгиси - келишим биздин кыргыз мамлекети үчүн эң ыңгайсыз шартта түзүлгөн. Ошол кезде келишим англис тилинде гана түзүлгөн экен. Ошол кезде бийликте тургандардын баары маанисин терең түшүнбөй кол коюп берип, ошондон бери талаш-тартыш болуп келатат.

-Сиз кечээ парламентте билдиргенге караганда Кумтөр чатагына алып келген мурдагы бийликтин аракеттерин териштирүүнү сурап прокуратурага кайрылган экенсиз, же кайрылып жатасызбы. Кандай аргументтерге таянып атасыз?

- Туура, кечээ күнү ушул маселени талкуулап жаткан мезгилде мен өкмөттүн алдына ушул маселени койдум. Албетте, бүгүнкү күндө өкмөт күнөөлүү болбойт. Бүгүнкү өкмөт аракет жасап, талашып атып биздин акцияларды 3 пайызга чейин алып келгенин жылыш деп айтса болот. Бирок ошону менен бирге бүгүнкү күндө жалпы алтындын 700 тоннадан ашкан запасынын 33 пайызы бизге таандык болсо, 60-70 пайызы “Камекого” таандык болот. Эмне үчүн алар уурдоо, афера жолу менен биздин алтынды алып атат. Ошого байланыштуу мен кечээ Баш прокуратурадан, Коопсуздук комитетинен, Ички иштер министрлигинен талап кылдым ушул маселени, башынан аягына чейин текшеришсин деп. Өкмөт башында ошол кезде ким турган, “Кыргыз алтын” ишканасынын башында ким турган, келишимдин алдында кимдин колдору турат, ошолорду жоопко тартыш керек деп.

- Сиз кагаз жүзүндө да кайрыласызбы, же жетиштүүбү?

- Албетте, кагаз жүзүндө да кайрылам.

Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG