Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Апрель, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 21:02

ИЛИМ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ : ТЫКАН АДАМДАР КӨП АЛЖЫБАЙТ, ИЧИ КӨРҮНҮП ТУРГАН БАКА


Альцгеймер же алжуу оорусуна жанына тың-тыкан адамдар азыраак дуушар болот

АКШнын Чикаго университетинин медициналык борборунун окумуштуулары жыйнактуу, ишин пландаштырып иштеген тыкан адамдар алжуу оорусуна азыраак дуушар боло турганын аныкташты. 12 жыл бою жүргөн изилдөөгө 75 жаштагы бир миң адам тартылып, алардын ичинен 176 изилдөөнүн соңуна чейин альцгамер оорусуна дуушар болушкан. Тажрыйбага катышкан карыяларды сурамжылап келип, эсептей келгенде жыйнактуу тыкан кишилер, башкаларга караганда алжуу оорусуна 89 процентке азыраак дуушар болот экен. Ооруга дуушар болгон адамдардын 10 гана проценти жыйнактуу адамдар болуп чыгышкан. Жыйнактуу адамдар алдыга даана максат койуп, ал максатына жетүү үчүн күчү менен акылын аябастан жумшап, буйум- тайымдары менен үй оокатын ар дайым тыкан, тазалыкта кармашаарын айтышкан.

Тыкан адамдар эмне үчүн башкаларга караганда сейрегирээк алжышат? Мунун себептерин аныктоо иши али алдыда, бирок окумуштуулардын болжолунда тыкан адамдардын мээсинин маңдайкы бөлүгү, башкача айтканда, чечимдерди кабыл алуу жана пландаштыруу үчүн жооптуу бөлүгү активдүүрөөк болот.

Көңүл жубатаарлык нерсе: тыкан жана таза болуш укумдан-тукумга берилбейт, ал адам өмүр акырына чейин үйрөнүп ала турган сапат,- дейт доктор Роберт Вилсон.

Вилсон альцгеймер оорусунун себептери жана анын алдын алуу маселеси менен көптөн бери арпалышып келатат, мындан мурда ал бул ооруга жалгыз бой адамдар, стресске жана нервоздорго кезек- кезек дуушар болгон кишилер туш болоорун аныктаган. Окумуштуулар 2050- жылга чейин альцгаймер оорусу менен ооругандардын саны дүйнөдө төрт эсеге көбөйүп, 100 милион кишиге жете турганын божомолдоп жатышат.

Япониялык окумуштуулар ички органдары көрүнүп турган бакаларды чыгарышты

Андай бакалардын ички органдары, кан тамырлары жана жумурткалары сыртка көрүнүп, ракка окшогон шишиктердин өнүгүүсүнө сырттан байкоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Хиросима университетинин биологу, профессор Масауити Сумиданын жетекчилиги менен чыгарылган бакалардын териси тунук келип, аны изилдөө үчүн жаныбарларды сойуунун кажети жок болот. Баканын жаңы түрү жасалма уруктандыруу жана бакалардын альбинос түрлөрүн башка түрлөр менен кыйыштыруу жолу менен, сандаган тажрыйбалардын натыйжасында пайда болду.

Баян Жумакадыр кызы, Прага
XS
SM
MD
LG