Бүгүн Бишкекте Улуттук филармонияда Кыргызстандын мугалимдеринин республикалык экинчи курултайы болду. Анын ишине президент К. Бакиев барып катышып, билим берүүнүн бүгүнкү проблемалары жана анын өнүгүү перспективасы жөнүндө баяндама менен чыгып сүйлөдү. Курултайга өлкөнүн бардык аймактарынан алдыңкы мугалимдер, мамлекеттик бийлик органдарынын өкүлдөрү катышты.