Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:10

ГЭС КУРУУГА МАМЛЕКЕТТИН КУДУРЕТИ ЖЕТЕТ


Адистердин айтуусунда Камбарата-2 ГЭСинин курулушу үчүн 350 млн долларга чукул каражат керек. Каракөл шаарындагы “Нарынгидроэнергокурулуш” акционердик коомунун коллективи Камбарата-2 ГЭСи курулушка бөлүнүүчү каражатты бат эле актай тургандыгын белгилешүүдө. Алардын айтуусунда Камбарата-2 ГЭСинин ишке кириши Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө чоң көмөк бермекчи.

Камбарата-2 ГЭСинин курулушу 1974-жылы башталган. Союз таркап, Кыргызстан эгемендүүлүк алганы токтогон курулуш бүгүнкү күнгө чейин каражаттын жоктугуна байланыштуу токтоп турган. Он беш жылдан ашуун убакыттан бери энергетиктердин шаары деп аталчу Каракөл шаарынан гироэнергетика тармагынын белдүү адистери башка мамлекеттерге кетип, Камбарата-1-2 ГЭСтерин тургузууга катышкан “Нарынгидроэнергокурулуш” акционердик коомунда бүгүн саналуу гана адистер калган. Аталган ишкананын башкы мүдүрүнүн орун басары Адыл Дербишевдин айтуусунда бүгүнкү күндө 300 дөн ашуун киши эмгектенет. Алар Камбарата-2 ГЭСинин буга чейинки тургузулган курулушун сактап калуу максатында кармалып турат:

-Камбарата-2 ГЭСи такыр бузулуп кетпесин деп, ошол 300 кишини кармап турабыз. Анткени ГЭС дээрлик жарым-жартылай бүтүп калган.

Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев 19-сентябрда элге жасаган кайрылуусунда Камбарата-2 ГЭСин куруу мамлекеттин колунан келе тургандыгын билдирген. Камбарата ГЭСтеринин концессияга берилүүсүнө каршы пикирин билдирип келе жаткан энергетик Жамалбек Түлөбердиев Камбарата-2 ГЭСинин курулушуна канча каражат сарпталарын президент жакшы билет деп эсептейт:

-Президент билет, канча каражат керек экенин билет, бул жагынан ал сабаттуу. Ал 2001-жылы премьер-министр болуп турганда да 1 млрд 300 млн киреше алабыз, ушуну тургузсак деп айткан. Бирок анын көрсөтмөсү ошондо да аткарылган эмес. Тургузабыз деп айткан, тургузган киши жок,
-дейт Жамалбек Түлөбердиев.

Камбарата-2 ГЭСинин курулушу 45-50% бүтүп калган. Ошондуктан ГЭСти куруу мамлекеттин колундагы иш деген оюн энергетика тармагынын белдүү адистеринин бири, ЖК депутаты Райымбек Мамыров да “Азаттыкка” билдирди:

-Камбарата-2нин жарым-жартылай болбосо да, 40% айланасында жалпы жумуштары бүтүп калган. Союз мезгилинде 1-генератор алынып калган. Ошонун баарын эске алганда би 30% иш калды. Жалпысы болуп ГЭСтин курулушунун 30% иши калган, буга 350-360 млн АКШ доллары керектелет.

Камбарата-2 ГЭСи ишке кирсе саатына 360 миң кВТ электр энергиясын иштеп чыгара алат. Депутат Райымбек Мамыровдун белгилөөсү боюнча ГЭСтин иши өлкөнүн экономикалык абалын оңоого чоң салымын кошо алат.

Ноябрь айында парламент келерки жылдын бюджетин кароосу күтүлүп жатат. Энергетиктер болсо Камбарата-2 ГЭСинин тагдырына Жогорку Кеңеш кош көңүл карабайт деп үмүттөнүшүүдө.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG