Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 09:20

10-ОКТЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Бугу уруусунун манабы Боромбайдын Россия империясынан букаралык сурап кайрылган өтүнүчү 1844-жылдын 10-октябрында Тышкы иштер министрлигине жолдонгон. 1897-жылдын 10-октябрында Шабдан баатыр орус императору Николай II өтүнүч кат менен кайрылган.

XIX кылымдын орто ченинде кыргыз уруулары арасындагы араздашуу кульминациялык чегине жетип, кан төгүлгөн кыргын айынан бугу уруусунун башчысы Боромбай манап Россия империясынан букаралык сурап кайрылган. Боромбай Бекмуратовдун өтүнүчү Батыш Сибирь генерал-губернатордугунда каралып, 1844-жылдын 10-октябрында Тышкы иштер министрлигине жолдонгон. Бу туурасында тышкы иштер министрлигинин жооптуу кызматкери К, В. Нессельроддун кайрылуусунда кабарланат. Мындан тышкары, кайрылууда кыргыз урууларынын арасында болгон араздашуу, барымтачылык жана кан төгүлгөн кыргын бугу уруусунун букаралык сурап кайрылышына себеп болгондугу белгиленет.

Шабдан баатыр 1897-жылдын 10-октябрында орус императору Николай II өтүнүч кат менен кайрылган. Шабдан баатыр атасы Жантай Карабековдун орус бийлигине өтөгөн кызматы, адал эмгегин эскерип, ал генерал Колпаковскийдин сунушу менен кыргыздарды империяга курамына киришине үндөгөндүгүн жазган. Андан соң өзүнүн эмгегин тизмектеп, ал үчүн империялык бийлик тарабынан баалуу сыйлыктарды алгандыгын билдирген. Шабдан баатыр, империялык бийлик анын арбын бүлөлүүлүгүн эске алып, Пишпек уездине караштуу Тынай жана Талкан волосттугунан тоо этегиндеги жерлерди түбөлүк берилишин өтүнгөн.

Шабдан баатырдын ашы 1912-жылдын октябрь айында өткөрүлгөн. Октябрь айынын жетисинен баштап чакырылган коноктор Кичи Кеминге агылып, ашка келгендердин аягы 10-октябрда барып соңуна чыкты. Айрым маалыматтарга караганда ашка 50 миң чамалуу киши келген. Аларды тосуш үчүн Кичи Кеминге 2500 боз үй тигилип, 10 миң кой, 2 миңдей жылкы союлган. Чүй өрөөнүндөгү конокторду Тынай менен Шамшы болуштугу тосуп, Верный жана Ысык көлдөн келгендерди Атаке болуштугу коноктогон. Пишпек уезддик кызматкерлери жана Верный, Пржевальскиден келген жүздөй орус чиновниктерин Шабдандын балдары тоскон.

Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештердин айылдык, поселкалык, шаардык жана Бишкек шаардык кеңеш депутаттыгына шайлоо 2004-жылдын 10-октябрында өткөрүлдү.

Жогорку Кеңештин мамлекеттик түзүлүш жана конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасы Камбаралы Конгантиев 2005-жылдын бу күнү өлкөдө митинг, жүрүш жана башка нааразылык акцияларын өткөрүүгө бир жылга мораторий жарыялоо сунушун киргизди. Камбаралы Конгантиевдин сунушун депутаттар жана бейөкмөт уюмдар кескин сынга алышып, ага комитет башкарууга ишеним көрсөтүлбөшүн билдиришти.

Бу күнү 1731-жылы суу формуласын ачкан англис физиги Генри Кавендиш, 1861-жылы норвегиялык саякатчы, Нобель сыйлыгынын лауреаты Фритьоф Нансен, 1863-жылы орус географы Владимиор Обручев, 1913-жылы француз жазучусу, Нобель сыйлыгынын лауреаты Клод Симон, 1941-жылы жазуучу жана драматург Садыр Сарыгулов, 1942-жылы жазуучу Көчкөн Сактанов жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG