Мугалимдердин республикалык биринчи курултайы 2000-жылы 28-августта, кезектеги президенттик шайлоонун алдында болгон. Ал эми экинчи курултай андан жети жыл өткөндөн кийин, баш мыйзамдын тагдырын чече турчу жалпы элдик референдумдун алдында өттү. Айрым байкоочулар агартуучулардын башын кошкон мындай чоң иш-чаранын референдумдун алдында өтүп жатышы бекеринен эмес дешет. Курултайды мамлекеттик катчы Адахан Мадумаров алып барып, тизме боюнча келген айрым делегаттарга сөз берди. Сөз сүйлөгөндөрдүн дээрлик бардыгы айлык-акылардын жогорулаганын, эки жылдан бери абал оңолгонун айтышып, президенттин саясатын колдошту. Алабука районунан келген мугалим Акжол Кадыровдун пикиринде, курултайдын өтүп жатканы бүгүнкү бийликтин билим берүү тармагына кош көңүл эмес экенин билдирип турат жана муну саясатташтыруу туура эмес:
- Бүгүнкү мугалимдердин экинчи курултайынын чоң тарыхый мааниси бар да. Мунун кээ бирлери айтып атышкандай эски Акаевдин доорундагыдай элди чогултуп алып, элди “референдумду мактагыла” деген максаты жок.
Атын атабоону өтүнгөн Талас облусунан келген мугалимдин айтымында, курултайдын бийликти мактап-жактоо менен өтүп жатканы, сөз сүйлөгөндөрдүн референдумду бир добуштан колдойбуз дегендери туура эмес:
- Мен Таластан келдим. Менин пикиримде бул курултайдын Акаевдин доорундагыдан да саал аша чабуу, куру мактоолор, өткөндү ашкере жамандоолор менен өтүп атат. Ошол жагы мени иренжитип атат. «Керек болсо жүз пайыз добуш алып беребиз»,- деп элдин ой-пикирлеринин баарын чөнтөктөрүнө салып келгенсип кээ бир кесиптештерибиздин сүйлөп атканы да туура эмес.
Ал эми сөз берүүнү улам-улам суранып отуруп, акырында эл алдына чыгып сөз сүйлөгөн Каракулжа районунан келген жаш мугалим Бакыт Абдразаков, көпчүлүктөн айырмаланып бийликке сын пикирлерин айтып, президентти сөз сүйлөгөндө орусча аралаштырбоого үндөдү:
- Урматтуу президентибиздин билим берүүгө айрыкча басым жасаганы чын. Бирок, азыр мамлекеттик идеология мектепте эле гана эмес мамлекетибиздин өзүндө да начар болуп атканы да талашсыз. Кыргызстандын мамлекеттик идеологиясы кыргыз тили болушу керек. Кечирип коёсуз урматтуу президентибиз Курманбек Салиевич, сиз өзүңүз өлкө башчысы катары мамлекеттик тилди колдоого мисал болсоңуз жакшы болмок. Бирок, сизди теледен көп көрөбүз, сүйлөгөндө кыргыз тилине орусчаны көп аралаштырып сүйлөгөнүңүз бар
Ошондой эле ал кесиптештерине кайрылып, курултай мусулмандардын ыйык айына, кеиптик майрамга жана референдумга гана эмес, азык-түлүк кымбаттаган мезгилге туш келгенин эстерине салды. Ал эми соңунда президент Курманбек Бакиев, эки жылдан берки билим берүү жаатындагы аткарылып жаткан иштер, жетишкендиктер тууралуу сөз сүйлөп, алдыдагы референдум тууралуу да айта кетти:
- Эки жылдан бери бул конституцияны менимче кызыккандар тытып, биринчи барагынан аягына чейин бир канча жолу окуп чыкты. Буга ким каршы? Буга дагы ошол конституциялык реформаны Бакиев каалабай атат деп, бизди дагы бир-эки жыл артка сүйрөгүсү келгендер...