Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:06

ИРАН-ИРАК ЧЕК АРАСЫ КАЙРА АЧЫЛДЫ


Нарын АЙЫП, Прага Бир айдан ашык убакыттан бери Ирактын түндүгүндөгү чек араны Иран дээрлик жаап салган жана оор сүйлөшүүлөрдөн кийин ал 8-октябрда кайрадан толук ачылды. Чек аранын жабылышынан Ирактын түндүгүндө жашаган күрддөр эң көп жапа чеккен.

Иран жетекчилиги беш чек ара түйүндүн төртөөнү 24-сентябрда жапкан, анткени 20-сентябрда Ирактын түндүгүндөгү Сулаймания деген шаарда Махмуд Фархади деген Иран жараны америкалык күчтөр тарабынан кармалып кеткен. Ирактагы америкалык жетекчиликтин айтымында, ал адам Ирандын "Ал-Кудс" деген коопсуздук кызматы үчүн иштеген жана Ирактагы согушкерлерге Ирандан курал алып келинишине аралашкан.

Тегеран андай күнөөнүн баарын четке кагып, Фархадинин бошотулушун талап кылган. Сүйлөшүүлөр жыйынтык бербегендиктен, төрт күндөн кийин Иран чек араны жаап салган.

Ирандык жарандын бошотулушун Ирак президенти Жалал Талабани жана башка жетекчилер дагы суранган, анткени Фархади Иракка ирандык расми өкүлчүлүктүк курамында келген, андан тышкары, чек аранын жабылганы - Ирактын түштүк аймактарындагы куралдуу кагылышууларга дээрлик тийешеси жок күрддөргө залака тийгизген.

Ирактын түндүгүндөгү күрд автономиясынын экономикасы кошуна Иран менен болгон соодага өтө көз каранды, аймактын базарларында сатылган азык-түлүк, дары-дармек жана курулуш материалдарынын көпчүлүгү Ирандан алып келинет.

Ал тууралуу күрд өкмөтүнүн басма сөз катчысы Жамал Абдулла дагы 8-октябрда билдирди: "Сатыкка түшкөн буюмдардын 60 пайызы Ирандан ар башка ишкерлер жана бизнесмендер аркылуу импорттолуп келет. Ошондуктан чек ара түйүндөрүнүн ачылганы регионго оң таасир кылат жана өзгөчө анын калкка болгон психологиялык тассири жакшы, - дейт Абдулла.

Ирактын жогорку кызматкерлери америкалык аскерий жетекчиликке гана эмес, Иран өкмөтүнө дагы кайрылган. Ирактын тышкы иштер министри Хошиар Зебари өткөн аптада Тегеранга кайрылып, ирандык жарандын кармалышы үчүн күрддөр эч жоопту эмес экени жана чек аранын жабылганынан негизинен күрддөр жапа чегип жатканы тууралуу билдирген.

4-октябрда болсо Күрдистандын патриоттук бирикмеси жана Күрдистан демократиялык партиясынын биргелешкен өкүлчүлүгү Тегеранга келип, Иран жетекчилери менен жолугуп кеткен. Натыйжада чек ара 8-октябрда кайрадан ачылды, бирок сентябрда кармалган Фархади бошотула элек.

Үстүбүздөгү жылдын башында Ирактын түндүгүндөгү Ирбил шаарында америкалык күчтөр дагы башка беш ирандык жаранды кармаган. Аларга дагы - Ирактагы согушкерлерге курал берип, аларды машыктырган деген күнөө коюлган, Тегеран аны четке кагууда жана аларды дипломаттар болчу деп эсептейт. Анткен менен кармалгандар бошотула элек.

Ирактагы абалды жөнгө салууга кошуна Иран жетиштүү чара көрбөй жатат деп Вашингтон Тегеранды көптөн бери күнөөлөп келет. Андан тышкары, Иракка алып келинген көпчүлүк курал же Иран, же Сириядан мыйзамсыз ташылып келет деп айтылууда.

Ирак өкмөтү эки тарап ортосунда тикелей сүйлөшүү уюштурууга аракеттенүүдө. Үстүбүздөгү жылы АКШнын Ирактагы элчиси Райян Крокер жана Ирандын Ирактагы элчиси Хасан Каземи-Куми эки жолу Багдаддын ортомчулугу менен жолугуп-сүйлөштү, бирок эки мамлекет ортосундагы маселелер чечиле элек. Отуз жылдан бери АКШ менен Ирандын дипломатиялык мамилеси жок.

XS
SM
MD
LG