Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:33

ВИЛЬНЮСТА МУНАЙДЫ ОРУСИЯДАН БӨЛӨК ЖОЛ МЕНЕН ТАШУУНУН ЖОЛУН ИЗДЕШЕТ


Азербайжан, Грузия, Литва, Украина, Польшанын лидерлери ушул жумада Орусияны айланып өтүүчү мунай жолдорун талкуулашат. Каспийдин мунайын дүйнөлүк базарга жеткирүүнүн алтернативалык жолдору боюнча пландар бир топтон бери үзүл-кезил талкууланып келет.

Аталган өлкөлөрдүн лидерлери Литванын Клайпеда шаарында 10-11-октябрь күндөрү жолугушууда. Ливтанын Азербайжандагы элчиси Кестутис Кудзаманастын өткөн аптада билдиришинче, Балтия деңизинин боюндагы жыйында президенттер энергетикалык кызматташттык келишимине кол коюшат. Бул келишимде мунайды Европага ташуучу ишкана негиздөө каралмакчы.

Украина эбактан эле Кара деңизден Европага Россияны айланып өтүүчү Одесса-Броды долбоорун колдоп келет. Бирок Каспийдеги эң ири мунай өндүрүүчүлөр болгон Азербайжан менен Казакстан бул жолго анчейин көңүлдөнбөй келишет, себеби бул жол менен мунайды улам кайра жүктөөгө туура келет, демек чыгымдары өтө көп болот.

Бул жол азырынча тескери багытта иштеп жатат. Тактап айтканда, Орусиядан чийки мунай Одесса аркылуу Жер ортолук деңизинин акваториясына экспорттолот.

Польшанын экономика министри Пиотр Возниан өткөн айда Азербайжандын расмий өкүлдөрү Каспий мунайы Одесса-Броды мунай жолу менен ташылат деп алдын-ала жарыялаганын билдирген. Министрдин сөзү боюнча, бул жол бара-бара Полшанын Плок портуна чейин узартылмакчы.

Ал эми Азербайжандын Энергетика министри Натик Алиев ушул аптада бул долбоорго өлкөнүн мамлекеттик Сокар мунай компаниясы кошулушу мүмкүн экендигин маалымдаган. Бул жол менен күнүгө 300 миң баррел мунай ташууга болот.

"Эгер изилдөө көрсөткөндөй бул долбоор чын эле өзүн-өзү актай турган болсо, Каспийден Литванын, Полшанын жана башка өлкөлөрдүн мунай тазалоочу ишканаларына мунай ташуу ишине Сокар ишканасы толук катышат",- деп айтты азери министри.

Энергия булактарына болгон суроо-талабында Полша менен Украина дээрлик толугу менен Россиядан көз каранды. Бирок алар бир канча убактан бери бул көз карандылыктан кутулуунун жолун издеп келишет. Бул аракеттер мунай-газдын баасы боюнча чыккан талаштардан улам айрыкча күч алды.


Жаңыл Жусубжан, Прага

XS
SM
MD
LG