Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

М.ЧОЛПОНБАЕВ: РЕФЕРЕНДУМДА АДМИНИСТРАТИВДИК РЕСУРС КОЛДОНУЛА БАШТАДЫ


Конституциянын жана Шайлоо Кодексинин жаңы редакцияларына референдум өткөрүүгө саналуу гана күндөр калды. Айрым саясатчылардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү бийлик референдумду шашылыш өткөрүп жатканы аз келгенсип, жер-жерлерде мекеме-ишкана, билим берүү, медицина тармагынын кызматкерлерин референдумга милдеттүү түрдө катышуу талабын коюп жатышканын айтышууда. Ал эми президент Курманбек Бакиев жолугушууларда референдум ачык-айкын өтүп, административдик ресурстар колдонулбайт, деп ишендирип келет.

«Кыргызстанды сактоо» патриоттук кыймылынын лидери Мукар Чолпонбаев карапайым калк учурда референдумду эмес кара курсактын камын ойлоп, баарына кайыл болуп турган учурда административдик ресурс кандай иштеп жатканын мындайча сыпаттады.

- Бүт мектептерде ушундай команда берилген экен административдик ресурс болуп жатат. Ата-энелерге референдумга барабыз деп кол койдуруп жатат. Ачык эле. Медициналык ишканаларда медиктерди референдумга барбасаң иштен кетесиң деп коркутуп жатат. Мына дагы мисал айтып берейин Сокулук, Жайыл, Москва районунда акимдер күнүгө өздөрү барып график түзүп элге жалынып жатышат,- деди Мукар Чолпонбаев.

Ал эми депутат Азимбек Бекназаровдун пикиринде комчулук референдум өткөрүүнү колдойт.

- Коомчулуктун көпчүлүгү референдумдун кабыл алышын туура деп баамдап турат. Ошондуктан референдум туура өтөт, бирок референдумдун арты жакшы бүтпөйт,- дейт Азимбек Бекназаров.

Депутат Мелис Эшимканов болсо президент Бакиев административдик ресурс колдонулбайт деп айтканы менен атка минер кошоматчылар референдум өткөрүүдө өз билгендерин жасайт.

- Кожоюн айтты. Кожоюнга бир жакшы пайыздарды беришибиз керек. Кокуй 85 пайыз болуп калыптыр деген болбойт да. Эсиңерде барбы Акталаада 101 пайызга чыгарып жибергендей болуп кетиши мүмкүн. Бул жагынан менимче Бакиевдин жалгыз колунан келбейт. Биздин менталитет бар, кыргыздардын ойлору бар. Референдумда фалсификацияны жүз пайыз кылдырбайбыз дегенге эч ким ишенбейт, - дейт Мелис Эшиканов.

Ош шаардык шайлоо комиссиясынын төрагасы Муктар Пайзылдаев референдумда административдик ресурс колдонулат деген пикирлерге каршы.

- Саясий партиянын, бейөкмөт уюмдардын, коомчулуктун протоколдору бар. Шаардык кеңеште сакталган ал документ. Мен буга түк тамыры менен каршымын,- дейт Муктар Пайзылдаев.

Пайзылдаев референдумда жарандык коомдордун, саясий партиялардын, эл аралык байкоочулардын өкүлдөрү көзөмөлдүк кылып, референдум таза, ачык өтөт деген ишенимде.

XS
SM
MD
LG