Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 22:50

EВРОПАДАГЫ КООПСУЗДУК ЖАНА КЫЗМАТТАШУУ УЮМУНА КАЗАКСТАН ТӨРАГА БОЛГОНУ ЭРТЕ


Нарын АЙЫП, Прага Сентябрдын аягында-октябрдын башында Варшава шаарында Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун кезектеги жыйыны болуп өттү. Эки аптага уланган ал конференцияда Батыш менен Орусия ортосунда жаңы араздашуулар чыкты. Жыйынга катышкан АКШ өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Ричард Виллиамсондун айтымында болсо, уюмга Казакстан төрага болушу азырынча эрте.

Варшавадагы жыйын 24-сентябрдан 5-октябрга чейин уланды, ага негизинен өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү катышты. Конференцияда - Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмуна мүчө болуп кирген 56 мамлекетте адам укуктарын коргоо менен демократиялык реформалар боюнча ар бир өлкө өзүнө алган милдеттенмелер кантип аткарылып жатканы талкууланды жана Орусияга карата бир топ сын айтылды.

"Демократиялык багыттан Орусия тайып, жарандык коомду саясаттан сүрүп чыгарып жатканы тынчсыздандырат. Өкмөттүк эмес уюмдар тууралуу мыйзам жана анын аткарылышы, андан тышкары, экстремизм менен терроризмге каршы мыйзамдардын ойду-келди колдонулушунан улам 2300 уюм жабылды. Алардын көпчүлүгү экстремисттер эмес эле, адам укуктар тармагындагы милдеттенмелерин өкмөт аткарыш керек деген жана жарандык коомдун калыптанышын көздөгөн уюмдар болчу", - дейт Виллиамсон.

Бирок, анын айтымында, өкмөттүк эмес уюмдардын аракеттери орус өкмөтүн мынчалык тынчсыздандырганынын өзү - жетекчилик ал тармакта ката кетирип жатканын сезгенинин белгиси жана ошол себептен катаны белгилеген уюмдарды куугунтуктап жатат.

Жыйынга чакырылган Орус-чечен достук коомуна сөз берилгенде болсо Орусиянын өкүлдөрү орундарынан туруп, залдан чыгып кетти. Кийин дагы Маскөөлүк делегаттар конференциянын уюштуруучуларына расми каршылык билдирди. Элчи Виллиамсондун айтымында, Маскөөнүн мындай опузаларына башка мамлекеттер алдырбаш керек:

"Россия Федерациясы Хельсинки келишимдерине кол коюп, Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун алкагындагы адам укуктары, мыйзамдын үстөмдүгү, демократия боюнча милдеттенмелерди алган. Уюмга мүчө болуп кирген 56 мамлекеттин кимиси болбосун башка өлкөлөр ал милдеттенмелерди кантип аткарып жатканын текшерүүгө укуктуу жана эрежелер бузулганда, ага каршы чыгуу өтө маанилүү. Орусия андай стандарттарга жете албай жаткандыктан, биз анын каталарын көрсөтүш керекпиз жана келечекте дагы, башка жыйындарда дагы аны такай айтабыз", - дейт элчи.

Жыйында казак өкүлчүлүгү - Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмуна Казакстан бир жылга төрагалык кылууга толук укуктуу экенин дагы бир жолу айтты. Америкалык элчи Виллиамсон болсо аны менен макул эмес:

"Төрага болууга Казакстан умтулганын биз биз түшүнөбүз жана анын укугун сыйлайбыз. Бирок уюмдун стандарттары боюнча, андай төрага болуш үчүн убакыт керек жана келечекте Казакстан өз абалын жакшыртып, төрагалык кылууга жөндөмү жетээрине ишенсе болот. Жалпысынан алганда, биздин оюбузча, АКШ анын 2009-жылы төрага болушун колдой албайт, анткени Казакстанда дагы көп өзгөрүүлөр керек", - деп билдирди Европадагы коопсуздук жана кызматтушуу уюмундагы АКШ өкүлү Ричард Виллиамсон.

Анын айтымында, жалпысынан эле Борбор Азиялык жумурияттар уюмдун иштерине толугураак катышып, анын стандарттарына жакындаса, бардык тараптар үчүн пайдалуу болот.

XS
SM
MD
LG