Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 20:32

ПРЕЗИДЕНТ ВЕРТИКАЛДЫК БИЙЛИКТИ БИР КОЛГО АЛГАН ЖАТАТ


10-октябрда Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев иш сапары менен Баткен облусунда болду. Өлкө башчысы Баткен шаарында облустук музыкалык драма театрында жергиликтүү жетекчилер менен жолугушту. Президент элди алдыда боло турган референдумга активдүү катышып берүүсүн суранып, мындан ары вертикалдык бийлик тизмегине басым жасаарын ачык белгиледи. Ал эми жергиликтүү элдин арасында канткен менен элдин үнү борбордо олтурган бийликке жетпейт деген пикирлер айтылууда.

Курманбек Бакиев өзүнүн сөзүндө негизинен эки жылда аткарылган иштерге токтолду. Ошондой эле президент алдыда боло турган референдумга элдин активдүү катышып берүүсүн суранып, мындан ары вертикалдык бийлик тизмегине талап катуу коюларын ачык белгиледи:

- Айыл өкмөтүнөн жогоруга карай баарынын ишин күчөтүү керек, аларга талапты каттуу коюш керек. Эки жылдык мөөнөт көрсөттү. Ошон үчүн мындан ары вертикалдык аткаруу бийлиги төмөндөн жогору карай бир кишиде болуп иштөө керек, - деди Курманбек Бакиев.

Канчалык аткаруу бийлиги түптөлгөнү менен өкмөт башчыга жергиликтүү чиновниктердин туура эмес иш аракеттери туурасында элдин үнү жетпей жатат деп күйгөнүн жыйынга кирбей калган кадамжайлык Исламбек Турсунбеков айтты:

- Коррупция өсүп кетти. Элдин үнү Президентке жетпей жатат. Биздин каттарыбыз жетпей жатат. Бүгүн бизди ушул жолугушууга да киргизишкен жок. Себеби жергиликтүү чиновниктер бизди көргүсү жок.

Ал эми президент референдумга койгон баш мыйзамдагы жергиликтүү өзүн өзү башкаруу боюнча көрсөтүлгөн өзгөртүүлөр өлкө башчысынын демократиялык принциптерден чегине баштагандыгын көрсөтөт, дейт “Айыл демилгеси” коомдук бирикмесинин Баткен регионалдык бөлүмүнүн жетекчиси Карамат Орозова:

- Демократиялык принциптер такталбай калган жери, жергиликтүү айыл өкмөттөрдү шайлоо жолу алынып салынып, аким дайындайт деген жери. Жок дегенде альтернативалуу десе да болот эле. А бул болсо элди ызалантып жатат.

XS
SM
MD
LG