Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:11

ООГАНСТАН: БИР ЖАКТУУ МААЛЫМАТТАН БӨӨДӨ ӨЛҮМ КӨБӨЙҮҮДӨ


Ооганстандын Хельманд провинциясынын бир жарым миллион кишиге жакын калкы региондогу абалдын туруксуздугунан катуу жабыркашууда. Чөлкөмдө НАТО баштаган бейпилдик күчтөрдүн 7 миңге жакын аскери жайгашытрылган. Алардын максаты региондогу бейпилдикти күзөтүп, чарбаны калыбына келтирүүгө көмөктөшүү болучу. Бирок аскерлер чарбалык иштерге караганда аскердик операцияларга көбүрөөк тартылып жатат.

Хельманддын тургундары талибдерге жана ал-кайыдачыларга каршы аскердик аракеттерде набыт болгондордун ичинде карапайым кишилердин саны барган сайын көбөйүп баратканына, НАТО баштаган күчтөрдүн чабуулдарында кыйла учурда жазыксыз эле адамдар набыт кетип атканына ачууланып жатышат.

"Алар эч жазыксыз адамдарды эле өтүрүп салып жатышат. Чөлкөмдү жапырт бомбалоо менен адамдарды колуна курал алууга мажбур кылышууда",- деп нааразы болду провинциянын Навай Бараксай деген салыштырмалуу тынч аймагынын жашоочусу.

Талибан бийлиги кулатылган 2001-жылдан бери быйылкы жыл эң чоң жоготуулардын жылы болду, быйыл эле Ооганстанда кагылышуларда курман болгон адамдардын саны беш миңге жетти.

Хелманддагы уруу башчылардын бири Хаджи Хабибулла молдо аскердик операцияларды жүргүзүүүдө эл аралык аскердик күчтөр көп учурда ишенчиликсиз булактардын маалыматына таянып жатат деп нааразы.

"Алар уруу башчылардын, акимдер менен полициянын айткан маалыматтарына анчейин назар салбай, өздөрүнүн ишенчиликсиз баканооздорунун маалыматына ишеним артышат. Бизде 25 жылдан бери согуш жүрүп жатат, бул жерде атаандаштырыбыз менен думшмандарыбыз да бар. Ал эми чет элдик аскерлер болсо бир эле булакка ишенип, бир жакту маалыматка таянып жатышат. Эгерде эл аралык күчтөр уруу башчылары жана акимдер менен иштешсе, Ооганстанды эмдигиче калыбына келтирип койушмак",-деди Хабибулла молдо.

Жөнөкөй кишилердин ичинде жоготуулардын көбөйүп баратканы борбордук бийлик менен эл аралык бейпилдик күчтөрдүн мамилелерине көлөкө түшүрүп жатат. Август айында президент Хамид Карзай эл аралык коомчулук Хельманда аким менен администрацияны иштетпей бүткүл бийликти өз колуна алгандыктан, ал-Кайыда региондо ээн-эркин жүрүп калды деп ачууланган.

Хельмандда ишке ашырылып жаткан эң ири экономикалык проект бул - Каяки плотинасын калыбына келтирүү долбоору. Ага кеминде 500 миллион доллар сарпталат, курулуш 4 миңдей кишини кызмат менен камсыз кыла алат. ГЭСтин калыбына келтирилиши менен 1,7 миллиондой киши элетр энергиясы менен камсыз болот. Бирок бул долбоорлордун өтөлүнө чыгуу үчүн абалдын турукташуусу абзел. НАТО бейпилдик күчтөрүнүн өкүлү Ричард Этон абалды тынчытуу үчүн баардык тараптардын кызыкчылыгын эске алган саясий мунаса керек деп эсептейт.

Баян Жумакадыр кызы, Прага/B>
XS
SM
MD
LG