Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:01

САРКОЗИ МОСКВАДАГЫ САПАРЫН АЯКТАДЫ


Франциянын президенти Николя Саркозинин Россиядагы сапары аяктады. Кремлде президент Владимир Путин менен өткөргөн сүйлөшүүлөр “өтө кызыктуу жана пайдалуу” болгонун белгилеп, Саркози Ирандын ядролук программасына жана Косовонун келечектеги статусуна байланышкан проблемаларда да айрым бир орток пикирлер табылганын билдирди.

Косово маселесиндеги орток пикир деп Николя Саркози эч кимди басмырлабай турган чечим табылышын атады. Иранга келгенде да француз президенти соңку кездери Тегеран эл аралык коомчулуктун талаптарына жооп бергидей айрым кадамдарды жасай баштады деген Путиндин кебине кошулгансыды. Ирандыктар кызматташып жатканы, муну улантканга даяр экени тууралуу сөздөрдү Саркози маанилүү жышаан катары баалады. Ошол эле учурда Тегерандын мындай ыкыласы канчалык чын экенин көрө жатабыз деп да эскертти.

Президент Путин Иран атом куралын түзгөнгө умтулуп жатканын ырастаган далилдер жок экенин айтып, деген менен Тегерандын бардык программалары ачык-айкын болбой жатканы тууралуу кооптонууларга Россия да кошуларын ырастады.

Эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгына байланышкан маселелерде президенттер ири компаниялардын кооперациясын кубатташты. “Мен президент Путинге айттым, франциялык инвесторлор россиялык ири компаниялардын,мисалы, Газпромдун жарнактарын сатып алганга даяр. Франция тараптан буга эч кандай протекция болбойт, болгону биз алгоолошмо принцибин гана жактайбыз”,-деп айтты Саркози.

Француз президенти россиялык укук коргоочулардын “Мемориал” борборунун мүчөлөрү менен да жолугушту. Жыйынга катышкандардын бири, ”Жарандык көмөк” комитетинин жетекчиси Светлана Ганнушкина сөз эркиндиги, укук коргоочулар менен көз карандысыз маалымат каражаттарынын аудиториясы тарып баратканы, Түндүк Кавказдагы кырдаал тууралуу сөз болгонун маалымдады.

“Мемориал” борбору аталган региондогу активдүү иштери үчүн былтыр Франциянын сыйлыгын алган.

Андан мурда Саркози Москвадагы Бауман атындагы техникалык университетте болуп, россиялык жаштарды саралуу муун, ал эми Россияны улуу держава деп атады. Буга кошо орус бийликтерин адам укуктары менен демократиянын принциптерин сактоого чакырды.
Байкоочулар Москвада жасаган комментарияларында Саркози “достук” деген сөздү беш-алты жолу оозанганын белгилешти. “Франция эч кимге эч кандай акыл-насаат айткысы келбейт. Менин өз ишенимдерим бар, аларды агыман жарылып айттым. Президент Путин да ичтегисин жашырган жок. Экөөбүз тең достук деп оюңда эмне болсо, ошону ачык айтууну түшүнөбүз”, деп белгиледи Саркози. Ал Путинге эмдиги жылы президенттик мөөнөтү бүткөн соң Францияга келип кетүүнү сунуш кылды.
Сапарынын соңунда Саркози Путин менен бирге дүйнөлүк экинчи согуш маалындагы советтик-франциялык “Нормандия-Неман” авиаполкунун баатырларына арналган эстеликтин ачылышына катышты.

XS
SM
MD
LG