Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2021 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:07

ПАРТИЯЛАРГА КОЮЛУП ЖАТКАН ЧЕК ЭМНЕНИ ТАҢУУЛАЙТ?


Президент Курманбек Бакиев кечээ Референдумга коюлган Башмыйзамдын долбооруна өзгөртүү киргизүү тууралуу жарлыгын чыгарды. Ага ылайык парламенттик шайлоодо өлкөнүн ар бир облусунан тизмедеги шайлоочулардын кеминде 0,5%, ал эми жалпы өлкө боюнча 5% добушун алган саясий партия гана Жогорку Кеңешке келе алат. Айрым партиялардын өкүлдөрү мындай жобо айрым оппозициялык партияларды парламентке келтирбөө максатында жасалууда жана кичинекей Кыргызстан үчүн 5% босого өтө эле чоң деген пикирлерин билдиришүүдө.

Саясий партиялар Жогорку Кеңешке келүү үчүн өлкө боюнча 5%, облустардан болсо сөзсүз түрдө 0,5% добуш алууга тийиш деген мыйзамдын киргизилүүсү саясий партиялар тарабынан түрдүү кабыл алынууда. Оппозициялык маанайдагы партиялар президенттин кечээки жардыгы бийликтин өзүнө жакпаган партияларды парламентке жолотпоо максатында чыкты деп эсептешет. Президенттин номур биринчи каршылашы болгон Феликс Кулов төрагалык кылган “Ар-намыс” партиясы кандай бут тосуулар болбосун, баары бир “Ар-Намыстын” парламентке келүү мүмкүнчүлүгү бар деп бекемдешет. Аталган партия төрагасынын орунбасары Эмил Алиев жардыкка карата пикирин “Азаттыкка” төмөнкүчө билдирди:

-Бир эле себеп менен жасалган. Оппозициялык маанайдагы партияларды көзөмөлдөө жана Жогорку Кеңешке өткөрбөө максатында. Бирок мунун баары бекер. Биз андан коркпойбуз. “Ар-Намыстын” жер-жерлердеги мүчөлөрү колдогон учурда деле биз жеңишке жетишебиз,- дейт Эмил Алиев.

Партиялык тизме менен шайлоо болору тууралуу сөз болгондо айрым бир саясатчылар оппозициялык “Ар-Намыс” партиясынын президенттин кичи мекени болгон түштүктөн, ал эми бийлик тараптагы “Эмгек жана биримдик”, “Жаңы Кыргызстан” партияларынын түндүк аймактардан добуш алуу мүмкүнчүлүгү аз болорун белгилешкен эле. Кээ бир пикир ээлери президент мына ушуга да бөгөт коюуга аракет жасады деп баалашууда.

Ошол эле учурда кээ бир саясатчылар саясий партиялар үчүн коюлган 5% босого кичинекей Кыргызстан үчүн өтө эле бийик босого деп эсептешет. Жакында эле жалпы элди Референдумга “жок” деп айтууга чакырган “Кыргызстанды сактоо үчүн” кыймылынын теңтөрагасы Мукар Чолпонбаев президенттин бул кадамы негизинен туура, бирок 5% деген босого коюлган учурда эң ири гана саясий партиялар утуп чыгышат дейт:

-Принциби боюнча туура эле, бирок аны минтип ачыкка алып чыгуунун кереги жок эле. Анткени бир эле региондон алып, башкасынан ала албагандар жеңишке ээ боло албайт. Ал эми 5% босого бирин-экин гана партиянын, бийликтин партияларынын жеңишин гана камсыздап калышы мүмкүн. Бул биздин өлкө үчүн көп.

Ошентсе да Башмыйзамга киргизилген өзгөртүүнү көпчүлүк саясий партиялар кубаттап кабыл алышканы байкалып жатат. “Ата журт” саясий партиясы ЖК айрым депутаттары тарабынан түзүлгөн жаш партия. Анын мүчөсү, ЖК депутаты Улукбек Ормонов аймактардан добуш алууга милдеттендирүү чечими туура деп эсептейт:

-Аймактардан добуш алуу керек. Эгер азыркы мыйзам менен боло турган болсо, бир-эки аймактан эле жетиштүү добуш алып, парламентке барып, отура берсе болот. Мисалы: Өзгөн менен Карасуу району бириксе 250 миң шайлоочу бар. Ушул эки райондон эле бир партия катуу иштесе, керектүү добуш алып, Жогорку Кеңешке барып отуруп калса болот эле. Ошондуктан, бул чечим туура деп ойлойм.

Партиялык тизме менен парламенттик шайлоолорго катышууда саясий партияларга мындай босого коюу эл аралык практикада да колдонулат. Саясатчы Бакыт Бешимов мындай жобонун киргизилүүсү жалпы улутка таянган партиялардын парламентке келүүсүнө жол ачарын маалымдады:

-Региондорго гана таянган партиялар бири-бири менен таймашса, анда Кыргызстанда саясий жагынан өсүп-өнүгүү кыйын болот. Бул саясий партияларды аймактык эле базадан кутултуу үчүн, жалпы улуттук колдоого жетиштирүү максатында ушундай аракеттер болуп жатат,-дейт Бакыт Бешимов.

Ошентсе да саясий партияларга жалпы шайлоочулардын 5%, ал эми аймактардан 0,5% добуш алууну милдеттендирген жобо парламенттик шайлоо учурунда саналуу гана партиялар, бийликтин жана ага санаалаш партиялардын гана парламентке келүүсү үчүн иштеген жобо болуп калуусу толук мүмкүн деген тынчсыздануу да туулбай койбойт. Албетте, аны убакыт көрсөтөт.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG