Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 00:09

АКШ КОНГРЕССИНИН КОМИТЕТИ АРМЯНДАРДЫН КЫРЫЛГАН ФАКТЫСЫН ТААНЫДЫ


10-октябрда АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Тышкы иштер комитети Осмон империясы тушунда 1,5 миллион чамалуу армян кырылганын тааныган резолюцияны кабыл алды. Бул америкалык армяндардын узак жылдардан берки аракетинин натыйжасы болду. Ак Үй резолюция НАТОнун көрөсөн мүчөсү Түркияны бушайманга салат деп, ага каршы чыкты. Резолюция саясый ишара болгону менен жалпы түркиялыктардын кыжырын келтирери айкын. Армения жетекчилиги АКШнын Конгрессинин 1915- жылкы “армяндарды тукум курут кылуу” окуясын таануу аракетин колдоду.

Түркия берегидей резолюцияга ачууланып тим болбостон, чечикиндүү кадамдарды да жасап жиберет деп кооптонгон мамкатчы Кондолиза Райс, коргоо министри Роберт Гэйтс жана президент Жорж Буш масилет куруп, Конгрессти резолюцияны кабыл албоого үндөштү. Райс айым резолюцияга каршы чыгуу армян трагедиясын тануу дегенди билдирбесин айтып, НАТОнун маанилүү өнөктөшү Түркия менен жакшы мамиле күтүү бүгүн өтө маанилүү экенин баса белгиледи:

- Биз баарыбыз эгер бул резолюция бекитилсе, биздин Жакынкы Чыгыш, Ирак жана Ооганстанда бейпилдикке жетишүү аракетибизге чоң зыян келтирет деген бир пикирдебиз. Себеби, маанилүү стратегиялык союздашыбыз Түркиянын айтылган татаал аймактарда бизге көрсөткөн баа жеткис колдоосу биз үчүн өзгөчө маанилүү.

Коргоо министри Гэйтс командирлер арасында резолюция Ирактагы америкалык аскерлерди камсыздоону үзгүлтүккө учуратат деген коркунуч күчтүү экенин эскертти:

-Иракка биздин аскерий учактар ташыган жүктүн 70 процентке жакыны Түркия аркылуу өтөт. Ирактагы аскерлерибиз керектеген күйүүчү майдын үчтөн бири Түркия аркылуу келет же Түркиядан алынат. Биздин командирлер непада береги резолюция бекитилип, кокус түрктөр тийиштүү чара кабыл алса, Түркиянын аэродромдорун жана жолдорун пайдалануу кыйын болот деп ойлошот. Түрктөрдүк андай кадамга барарына биз ишенебиз.

Резолюцияны кечиктирбей кабыл алуунун зарылдыгын демократ - конгрессмен Брэд Шерман төмөндөгүдөй негиздеди:

- Келгиле, бул ишти бүгүн аягына чыгаралы. Анкаранын ачуулуу сөздөрүн бир нече күн угабыз. Анан токтойт. Чечимди бүгүн кабыл албай калсак, анын 225 ашуун сүрөөнчүсү келерки жана андан кийинки жылдары да резолюциянын кайра кайра киргизе берет. Түркия менен болгон мамилебизге доо кетирсе, чындыкты моюнга алып туруп, ачууланганды таштайлы.

Армян кыргынын тааныган резолюцияны Конгресстин Өкүлдөр палатасы жана Сенат бекиткен учурда да, ал аткарууну талап кылбайт.

Армениянын президенти Роберт Кочарян АКШ Конгрессинин 1915- 18- жылдары армяндар туш болгон апаатты “кыргын” деп таануу аракетин колдоду. Анын сөзүнчө, француз парламенти ушундай резолюция кабыл алганда да франциялык - түркиялык мамилелер оңкосунан кетет деген чочулоолор айтылган. Бирок, андан берки бир жылда эки өлкөнүн ортосундагы сооданын көлөмү дээрлик эки эсеге өскөн.

Ал эми кыргызстандык ишкер Разак Сайдилханов армян кыргынын парламентте таанып, саясатка айланткандан мурда, аны илимпоздор кылдат иликтеп чыгуу зарыл деген көз карашта:

-Анда биз да 1916-жылы кыргыздарды (Россия) геноцид кылган деп чыкаск болот эртең. А чындыгында мында армяндардын да күнөөсү бар. Алардын жергиликтүү түрктөрдү эмне кылганын АКШлык профессор далилдеп жатпайбы? Кыргын болгонбу, аны илимпоздор чечиш керек. Бул парламенттин иши эмес. Тарыхчылар тарыхый чындык катары бейтарап туруп далилдеп чыкса, ошондон кийин гана бул маселени талкууласа болот.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG