Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Апрель, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 19:16

ОРУСИЯДАГЫ АБАЛ ВАШИНГТОНДОГУ ЖЫЙЫНДА ТАЛКУУЛАНУУДА


Нарын АЙЫП, Прага АКШ Конгресси менен "Азаттык" үналгысы Вашингтон шаарында 10-октябрда атайын жыйын өткөрүп, белгилүү орус журналисти Анна Политковскаяны эскерди. Жыйынга катышкан оппозициялык саясатчы Гарри Каспаров - Орусияны башкарган президент Владимир Путинге Батыш колдоо көрсөтүүнү токтоткону жакшы деп билдирди.

Жыйынга АКШ конгрессмени Том Лантос, Хэдсон институтунун эксперти Дэвид Сэттер, шахмат боюнча дүйнөнүн мурдагы чемпиону, азыр "Башка Россия" деген кыймылды жетектеген Гарри Каспаров жана башка саясатчылар менен эксперттер катышты. Конгрессмен Лантос былтыр Маскөөдө өлтүрүлүп кеткен Анна Политковскаяны эскерип, Орусия бийлиги улам авторитардык болуп баратканын белгиледи:

"Орус журналисти Анна Политковская - мен өмүрүмдө көрүп-жолуккан эң сонун адам болгон. Бул атактуу адам өз үйүнүн алдында атып өлтүрүлүп кетти, ал - улам авторитардык болуп бараткан өкмөттүн курмандыктарынын бири", - деди Лантос.

Жыйында чыгып сүйлөгөн Каспаровдун айтымында, орус жетекчилиги азыр элдин же мамлекеттин кызыкчылыгын эмес, бийликтеги топтордун гана кызыкчылыгын көздөп, ошолорду коргоп калды: "Фактыларды карап көрсөк, орус өкмөтү президент Путин жана анын айланасындагыларга ылайык болбой баратат. Мамлекеттик аппарат кичине бир топтун кызыкчылыктарын коргогон аппаратка айланды. Жана бул аппарат - мыйзамдардан тышкары жана тымызын аракеттенүүдө", - деди Каспаров.

Оппозициялык аракеттерге катышып, жакында Орусияда бир жарым ай психиатриялык ооруканага жатып чыккан Лариса Араптын билдиргенине караганда, өлкөдө азыр илгерки советтик ыкмалар кайра колдонула баштады:

"Азыркы күндөрдө Орусияда, советтик мезгилдегидей эле, психиатрия бийликтин жазалоо куралына айланды. Бийликке каяша айткан адамдар жиндиканаларга жаткырылууда. Жазалоо психиатриясы азыр саясий оппозицияга каршы колдонулган дагы бир курал болуп калды. Бийликке каршы сын айтсаңыз, сиз түрмөгө же жиндиканага жатып калышыңыз толук ыктымал. Сизди сабап кетиши мүмкүн, же Анна Политковская сыяктуу өлтүрүп кетиши мүмкүн", - деп билдирди Бириккен граждандык фронттун мүчөсү Лариса Арап.

Жыйында - абалды кантип оңдоо маселелери дагы талкууланды жана Каспаровдун пикиринде президент Путиндин бузулуп баратканынын себептеринин бири - аны Батышта сыйлап, аны менен чыныгы демократ катары мамиле түзүлүп жатканында:

"Азыр пайда болгон абал өтө кызык, Путин азыр Беларус президенти Лукашенко же Зимбабвенин президенти Мугабе сыяктуу иш алып барууда, бирок Батышта аны эң таза демократ катары кабыл алышат. Орусияны азыр эч бир стандарттар боюнча демократиялык өлкө деп эсептөө мүмкүн эмес. Мен силерден суранам, Орусия жөнүндө сүйлөгөндө, 'шайлоо' же 'президенттик орун үчүн күрөшүү' деген сыяктуу демокраяга таандык саясий терминдерди колдонбогула, анын баары жасалма. Орусияда азыр шайлоодо жеңип чыгуу үчүн эмес, шайлоо өткөрүү үчүн күрөш жүрүп жатат", - дейт Каспаров.

Оппозиция Каспаровду президенттикке көрсөткөн, бирок Орусиянын Борбордук шайлоо комиссиясы анын "Башка Россия" деген уюмун 10-октябрда каттоодон өткөрүүдөн баш тартты.

XS
SM
MD
LG