Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:47

АКШ-ТҮРКИЯ МАМИЛЕЛЕРИ САЛКЫНДАЙ ТҮШТҮ


АКШнын Конгресинин өкүлдөр палатасынын Тышкы карым-катыштар комитетинин армян геноциди тууралуу кабыл алган резолюциясы Анкарада өкүнүү сезимдери менен кабыл алынды.

Президент Жорж Буштун жеке каршылык билдиргенине карабастан, Тышкы карым-катыштар комитетинин армян геноциди тууралуу айрым доолорду камтыган резолюцияны кабыл алуусу, Түркиянын жетекчилиги жана коомчулугунда түңүлгөндүк жана өкүнүү сезимдерин пайда кылды. Тышкы карым-катыштар комитетинин 21 каршы, 27 жактаган добуш менен резолюцияны кабыл алуусуна Түркиянын президенти Абдуллах Гүл өзүнүн мамилесин биринчилерден болуп билдирди.

“Тилекке каршы АКШдагы айрым саясатчылар, акыл эстүүлүккө чакырган үндөөлөрдү укмаксанга салып, чоң бир маселени дагы бир жолу майда-барат ички саясий оюндарына курман чалышка умтулушту. Бул - АКШ өңдүү чоң бир мамлекеттин өкүлдөрүнө жараша турган жосун эмес. Комитеттин бул кабыл алынгыс токтому, өткөндөгү окшош токтомдор өңдүү Түрк калкы үчүн эч кандай бир мааниси жана баркы жок” ,-деди Абдуллах Гүл.

Түркиянын премьер-министри Режеп Таййип Эрдоган сыналгыдан айткан сөзүндө комитет кабыл алган токтом АКШ менен Түркиянын мамилесине салакасын тийгизерин эскерткен болчу.

“Мындайча бир токтом АКШ менен анын бул аймактагы эң маанилүү өнөктөштөрүнүн бири болуп эсептелген Түркиянын ортосундагы мамилелерге салакасын тиигизет. Армения болсо келечекке оң мүнөздүү өңүттөн кароо мүмкүнчүлүгүнөн кур калып, бул - чет элдерде жашаган армян диаспорасына гана пайда алып келет. Бул- армян диаспорасынын Арменияны өзүнүн жеке кызыкчылыгы үчүн курмандыкка чалуусун гана түшүндүрөт”,- деп айтты Эрдоган мырза.

Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Вашингтондо кабыл алынган резолуцияны сынга алып, жазуу түрүндө бир билдирүү жарыялады. “Өкүлдөр палатасынын бир комитетинин муундар бою бапестеп өстүрүлүп келаткан стратегиялык өнөктөштүктү жана дос-шериктеш бир өлкө менен болгон мамилелерди, абдан кыйчалыш бир учурда ушундайча тобокелге таштоосу жоопкерчиликти сезбеген бир жосун болуп эсептелет”,- деп айтылат ал билдирүүдө.

Армения тарапта болсо канааттануу сезимдери байкалууда. Комитеттин токтому тууралуу бейшемби күнү Брюссел калаасында чыгып сүйлөгөн Армениянын президенти Робер Кочарян мындай сөз айтты:

“Биздин турумубуз ашкере. Биз конгреcстин комитетинин токтомун канааттануу менен кабыл алабыз. Биз бул токтомдун өкүлдөр палатасынын толук олтурумунда да кабыл алынуусун жана бул аркылуу армиян геноцидинин АКШ тарабынан толук түрдө таанылуусун күтөбүз” ,-деди.

Ал айткандай, Конгресстин өкүлдөр палатасы бул резолюцияны эмки жумада талкуулап добушка коюусу күтүлөт. Анда кабыл алынса дагы резолюция кандайдыр бир милдеттендирүүчү күчкө ээ болбойт. Бирок, бул серепчилердин пикиринде, ансыз деле Иракта кыйчалыш абалда болгон АКШ менен анын бул аймактагы жакын өнөктөшү Түркиянын мамилерине зыян алып келүү менен эле чектелбестен, ансыз деле абдан начар болуп жаткан Армения-Түркия байланыштарына дагы терс таасир алып келүүсү ыктымал.

XS
SM
MD
LG