Бейөкмөттүк Оксфорд изилдөө тобу (Oxford Research Group) дүйнөлүк коопсуздук боюнча Британиядагы абройлуу институттардын бири саналат. Борбордун соңку изилдөөсү Буштун администрациясы “исламофашизмге каршы узак согуш” деп атаган терроризмге каршы жортуулдун жүрүшүн электен кылдат көрөт. Буштун командасынын мындай жолун тандоосуна АКШлык нео-консерваторлор да таасир эткен. Согуш бирок Вашингтон жана анын союздаштары күткөндөй тез эле ийгилике жетпеди. “Ал- Каиданын” таасири Батыш Пакистанда дале күчтүү, Иракта да активдүү. Жакынкы Чыгышта, Түштүк Батыш Азияда анын тарапкерлери көбөйүүдө. Ооганстанга НАТОнун мыкты жабдылган аскерлери жайгаштырылса да, президент Карзайдын бийлиги негизинен Кабул менен чектелип, түштүктөгү Гелман жана Кандагар провинциясы талибдерден тазалана элек. Апийимчиликтин өсүшү да өлкөдөгү жагдайды татаалдантууда. Иракта суннилер менен шииттер ортосундагы аразлашуу куралдуу тирешүүгө өтүп, күн сайын ондогон адамдардын каны төгүлүүдө. Атүгүл америкалыктар бир айда 200- 300 жоокерин жоготкон учурлар бар. Ошентип, Ирак тез арада АКШнын жардамы менен эркин экономика жолундагы стабилдүү өлкөгө айланат деген үмүт акталбады, деп айтылат изилдөөдө.
Оксфорд илилдөө борборунун аткаруучу директору, профессор Жон Слобода:
- Маселенин маңызы мындай: Батыш коалициясына кирген бардык өлкөлөрдүн максаты айкын болгону менен ага жетүүнүн натуура усулу тандап алынды. Козголоңчуларды кыска мөөнөттө аскердин күчү менен жеңүүгө болбойт. Терроризмге каршы күрөш- узак мөөнөттүк жараян. Жеңиш үчүн саясатчылар көп иштеп, саясый мунасага жетүү зарыл. Удаа эле өлкөнү экономикалык жана социалдык жактан өнүктүрүү керек. Экинчи проблема- бул коалициялык күчтөрдүн бутаны натуура тандаганында. Урушта сокку согушчандарга жана эрегишчилерге урулбастан, эл бутага алынды. Элдин үмүтү да акталбай жатат. Бардык нерсе элдин муктаждыгын жана тилек-үмүтүн аткарууга багытталыш керек. Коалициялык күчтөр элге козголоңчуларга караганда көп дем-шык бериш керек эле. Бирок, андай болгон жок. Иш жүзүндө аскерий тактика карапайым элди козголоңчулардын кучагына сала берди. Себеби, аскерлер көптөгөн бейкүнөө адамдар өлтүрдү, кармалган адамдар соттолбой жатып, уруп- кыйноого алынды. Мындай зобун жөнөкөй адамдардын кыжырын келтирди. Ага чыдабай, президент Хамид Карзай кыштактарды бомбалоону токтотууну сурап Батышка жалбарды. Карапайым элди өлтүрүүдөн эч кандай кайтарым болбойт. Келечекте бергидей чабуулдардын себеби иликтөөгө алынууга тийиш.
Оксфорд изилдөө борборунун “Туруктуу коопсуздукту көздөй” деген аталыштагы иликтөөсү профессор Жон Слободанын жетекчилиги астында даярдалган.