Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:54

ҮЙҮЛГӨН КАЛДЫКТАРДЫН ҮЙӨР ПРОБЛЕМАЛАРЫ


Өткөн кылымдын 60-жылдарында эле Кыргызстанда уран кендерин казуу токтотулган. Бирок үйүлгөн кен калдыктары жалпы Кыргызстан эмес, бүтүндөй бир чөлкөмгө экологиялык коркунуч алып келиши ыктымал. Эларалык каржы уюмдарынын көмөгү менен ушу тапта Майлысуу менен Кажысайдагы уран калдыктары көмүлгөн жерлердин абалы иликтенип, аларды зыянсыз кылуу аракеттери көрүлүүдө. Ушундай эле иш-чаралар жакын арада Миңкуш шаарчасынын жанында жасалмакчы. Аны орусиялык адистер ишке ашырат.

Кыргызстан аймагында 25 уран калдыктары, ошондой эле 50 ашуун уулуу зат кошулмалары үйүлгөн жерлер бар. 1200 ашуун гектир жерди ээлеген калдыктарды кантип жок кылуу аракети кыйла жылдардан бери козголуп келатат. Анын алгачкысы катары эларалык уюмдардын каржылык көмөгү аркылуу Майлысуу менен Кажысайдын жанындагы уран калдыктары сакталган жерлерди бекемдөө, оңдоп-түзөө долбоору ишке ашырылууда.

Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Туратбек Жунушалиевдин маалымдашынча, бул өзү 18 миллион доллардык долбоор.

Майлысуунун төмөн жагында жашаган Фергана өрөөнүнүн чоң коркунучка капталтчу экологиялык кырсыкты болтурбай коюунун аракетин жасоого Өзбекстан өкмөтү да кийинки кездери кызыкдарлыгын билдирүүдө.

- Өзбекстан Майлысуу боюнча жардам беребиз деген. Жакын арада биз Өзбекстандын өзгөчө кырдаалдар министри К.Бердиев менен Майлысууда жолугушабыз. Ошол жерде долбоорду чогуу карап, алар кайсы жерге жардам кыла тургандыгын өздөрү айтышат. Майлысуунун долбоорунун жалпы каражаты 18 миллион ашуун доллар акча. Миңкуштуку 4 миллиондой доллар болот. Аны азыр айталбайм. Уран калдыктарын тазалоо үчүн жалпы республика боюнча 38 – 40 миллион доллар керек.

Иштетилген уран кендин тоо болуп үйүлгөн проблемасы ушу тапта Миңкуш шаарчасын да каптап турат. Ал жерге жакында барып келген өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев кыргыз-орус өкмөттөр ортолук жыйында маселени момундайча мүнөздөдү.

- Жакында мен уран калдыктары сакталган жердин жанындагы Миңкуш шаарчасында болдум. Ал жерде проблемалар тоо болуп үйүлүп турат. Аны жалгыз өзүбүздүн чечишибиз кыйын.

А.Атамбаевдин айтуусунда, орусиялык тарап Миңкуш шаарчасынын жанындагы уран калдыктары сакталган жерди бекемдөө, оңдоп-түзөө жумуштарынын ыгым-чыгымын, жасалчу иштердин көлөмүн билиш үчүн атайын адистерди жөнөткөн. Аны Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдар министри Туратбек Жунушалиев да ырастады. Адистер дөбө-дөбө болуп үйүлгөн уулуу зат калдыктарын кантип тазалоо, жергиликтүү элдин маселесин чечүү сындуу биртоп иштерди аныктамакчы.

- Акыркысы, айла жок калса элди башка жакка көчүрүүдөн башка арга жок. Долбоорду иштеп чыккандар мындан башка жол жок дешсе ага да барууга туура келет. Башкача айтканда, бардыгы ар тараптан иликтенет.

Орусиялык адистер Миңкуш жанындагы уран кен калдыктарынын абалын иликтеп чыккан соң долбоордун каражаты такталмакчы. Орусиянын мамлекеттик атом энергиясы агенттигинин жетекчиси Сергей Кириенконун айтуусунда, буга чейин кеп болуп келаткан ири долбоорлор эми бир четтен ишке ашырыла баштады.

- Ири жана олуттуу долбоолор кыйладан бери талкууланып келди эле эми алар ишке ашырыла баштады.

Кыргызстан геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин жетекчи орунбасары Наби Эшназаровдун маалымдашынча, уран кендеринин бардыгы жабылган.

- 40-жылдардан баштап өздөштүрүлүп, 60-жылдардын аягына чейин иштетилген кендер Шакафтар, Майлуусуу, Майлысайларда бар болчу. Кажысай, Миңкуш деген объектилер эле.

Отуз жылга жакын убакыт казылган чоң-кичине уран кендердин түгөл баары жабылганы менен, кен калдыктарынын тоодой үйүлгөн проблемалары Кыргызстандын кыйла жылдык башоорусуна айланып келатат. Адистердин айтуусунда, уран кен калдыктарын иштетүү өтөле кымбатка турчу жумуш, заманбап технологияны талап кылган иш. Туратбек Жунушалиев маалы келгенде толук иштетилбей калган кен калдыктары өндүрүшкө пайдаланылмакчы. Бирок да а мезгил келишин тооруган экологиялык кырсык күтө алабы – кеп ушунда.

XS
SM
MD
LG