Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:51

МАСКӨӨГӨ АКШ МАМЛЕКЕТТИК КАТЧЫСЫ МЕНЕН КОРГОО МИНИСТРИ КЕЛДИ


Нарын АЙЫП, Прага 12-октябрда Маскөөдө америкалык менен орус коргоо жана тышкы иштер министрлеринин сүйлөшүүлөрү башталды. Алар негизинен - АКШ тарабынан курулуп жаткан антиракеталык системанын келечеги жана анын Орусияга болгон таасирин талкуулайт. Сүйлөшүүлөр башталаар алдында министрлерди президент Владимир Путин кабыл алды.

АКШ менен Орусия ортосунда төрт министр деңгээлинде консультация өткөрүү демилгеси 2002-жылы көтөрүлгөн жана биринчи андай жыйын ошол 2002-жылдын сентябрында өткөрүлгөн, бирок башка андай жолугушуу болгон эмес. Антиракеталык глобалдуу система куруп жаткан АКШ анын айрым бөлүктөрүн Чехия менен Польшада орнотуу плпандарын түзгөндүктөн, үстүбүздөгү жылдын май айында Кремил андай консультацияларды улантууну сунуштаган жана 12-октябрда Маскөөгө АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс менен мамлекеттик катчы Кондолиза Райс учуп келди.

Алардын алдында Маскөөдө 10-11-октябрда Райстын орун басары Джон Руд жана Гейтстин орун басары Эрик Эдельман - орус тышкы иштер министринин орун басары Сергей Кисляк жана Орусиянын аскерий ордосунун башчысы генерал Юрий Балуевский менен жолугуп, жыйынды даярдады.

Сүйлөшүүдө негизинен - Чехияда жаңы радар жана Польшада антиракеталык он ракета орнотуу пландары менен байланыштуу быйыл Маскөө тарабынан жасалган сунуштар талкууланаары күтүлүүдө. Орус президенти Владимир Путиндин айтымында, Чехиядагы радардын ордуна Азербайжандын Габала шаарынын алдында советтик мезгилде курулган радарды же Орусиянын өзүнүн Армавир шаарында азыр курулуп жаткан жаңы радарды колдонсо болот.

Министрлер деңгээлиндеги жолугушуу башталаар алдында, аларды Маскөө алдындагы Ново-Огарево шаарында Путин кабыл алды: "Мен билем, силер жолугуп, пикир алмаштыңар жана дагы сүйлөшүү өткөрүп, антиракеталык системаларды талкуулайсыңар. Менин билишимче, бул багыттагы кызматташуу кантип өнүгүш керек экени жөнүндө силердин өз көз карашыңар бар. Менин айтайын дегеним, бул татаал маселеде силер басым жасап, Чыгыш Европалык мамлекеттер менен мурда түзгөн келишимдериңерди өтө ылдам алдыга түртпөйсүңөр", - деди Путин Райс жана Гейтс менен жолукканда.

Мамлекеттик катчы Кондолиза Райстын айтымында, АКШ менен Орусия ортосунда араздашкандан мурда кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү көп: Ортобузда пикир келишпестиктер болгону менен, биз бардык тоскоолдуктардан өтүү үчүн аракет көрөбүз, анткени биздин мамлекеттерди бириктирген нерселер - терроризм менен күрөшүү же өзөктүк куралды жайылтпоо сыяктуу жалпы проблемалар - бизди бөлгөн маселелерге караганда алда канча маанилүү", - деп билдирди Райс айым.

Антиракеталык системадан тышкары тараптар - Орусиянын Европадагы өзөктүк эмес куралдарды чектөө келишиминен чыгып жатканын, Вашингтон менен Маскөө ортосунда советтик мезгилде түзүлгөн стратегиялык куралдарды кыскартуу келишимидеринин аткарлышын, Косово жана Иран маселелерин талкуулай турганы күтүлүүдө.

Европадагы өзөктүк эмес куралдарды чектөө келишими НАТО жана Варшава пактына кирген өлкөлөр ортосунда 1990-жылы Парижде түзүлгөн, СССР чачырап кеткенден кийин, ага 1999-жылы Ыстамбул шаарында өзгөртүүлөр киргизилген жана алар менен кошо - Орусия өз аскерлерин Грузия жана Молдовадан чыгарып кетет деген эки протоколго кол коюлган. Ал протоколдордун аткарылышын талап кылып, Батыш мамлекеттери Ыстамбул келишимин беките элек, Маскөө болсо - бизден башка эч ким аны ратификациялабай жатат деп, андан азыр чыгууда.

XS
SM
MD
LG