Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

ТЫНЧТЫК БОЮНЧА НОБЕЛЬ СЫЙЛЫГЫН “КЛИМАТТЫН ӨЗГӨРҮШҮ” УТТУ


АКШнын мурдагы вице-президенти, айлана-чөйрөнү коргоо боюнча белгилүү активист Альберт Гор менен Бириккен улуттар уюмунун климаттагы өзгөрүштөрдү иликтеген адистер тобу Тынчтык боюнча быйылкы Нобель сыйлыгын утуп алышты. Бул сыйлык үчүн жалпысынан 181 киши атаандашкан эле. Эми Гор менен БУУнун адистер тобу бир жарым миллион долларлык баш-байгени тең бөлүп алышат.

Бүгүн Норвегиянын Нобель комитетинин башчысы Оле Данболт Мжоес Осло шаарында быйылкы жеңүүчүнү атады.

- Норвегиянын Нобель комитети адамзат климатка келтирип жаткан өзгөрүүлөр тууралуу жалпы коомчулукка кеңири маалымат жайылтуудагы аракеттери жана мындай климаттык өзгөрүүлөрдүн алдын-алуу чараларына пайдубал тургузуп беришкени үчүн 2007-жылдын Тынчтык боюнча Нобел сыйлыгын Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттык өзгөрүүлөр боюнча өкмөттөр аралык адистер тобуна жана Алберт Арнолд Гор мырзага бермей болду.

Нобель комитети Гор тууралуу айтып жатып, аны “Ал азыр климаттын өзгөрүшүнө каршы аткарылышы зарыл болуп жаткан иштерди жалпы дүйнөгө жеткирип, анын маанисин түшүндүрүүдө иштин көбүн аткарып жаткан жападан-жагыз адам болуш керек” деп сыпаттады.

Ошондой эле, Улуттар уюмунун өкмөттөр аралык адистер тобу да климаттын өзгөрүшү адамзат жасап жаткан иштердин айынан болуп жатканы тууралуу кеңири маалымат таркатуу вазыйпасында чоң ийгиликке жетишкени белгиленди.

59 жаштагы Гор мурда Билл Клинтондун президенттиги тушунда АКШнын вице-президент болуп иштеген. Кийин, 2000-жылы, президенттикке ат салышып, бирок Жорж Бушка уттуруп койгон эле. Ошондон бери Гор адам баласы жасап жаткан толгон-токой иштердин айынан климат өзгөрүп баратканы тууралуу кеңири лекцияларды окуп, маалымат берүүгө көп убактысын коротуп келет. Былтыр, мисалы, дал ушул климаттагы өзгөрүүлөр тууралуу анын “Ыңгайсыз чындык” деген тасмасы чыгып, ал “Эң мыкты даректүү тасма” катары “Оскарды” да утуп алган.

Ал эми Улуттар уюмунда климаттын өзгөрүшүн иликтеген адистер тобу 1988-жылдан бери иштеп келатат. Ошол топ быйыл февралдагы отчетунда “Дүйнөдө климаттын өзгөрүп баратышына, 1950-жылдан бери температура ысый баштаганына, биринчи кезекте, адамзат өзү күнөөлүү экенин” жазып чыккан. Андыктан тез аранын ичинде азыр өзгөрүштөрдүн адын алуу үчүн аракет көрүлбөсө, жакынкы кылымдарда жер шарында чоң алаамат болуп кетиши ыктымал экенин эскертишти. Жалпысынан ал топко 40 мамлекеттен 600дөй окумуштуу кирет.

Климаттын өзгөрүп жатышы Кыргызстанда да байкалууда. Бул тууралуу өлкөдөгү белгилүү эколог Кайрат Молдошев билдирди.

- Түштүктө жүргөн сел, жер көчкү, - ушунун баары климаттын өзгөрүшүнөн болуп жатат. Себеби ландшафттык зоналардын (талаа, токой, мөңгү зоналары) өзгөрүшүнө байланыштуу, мөңгү зоналарынын активдешүүсү байкалган. Ушунун баары биздин экологияга терс тасирин тийгизип жатат.

Кайрат Молдошев быйыл Тынчтык боюнча Нобель сыйлыгын дал ушул Альберт Гор утуп алганын угуп, сүйүнгөнүн билдирди. Көрсө, Гордун ишмердүүлүгүнүн географиясы Кыргызстанды да камтыйт экен.

- Альберт Гор 1990-жылдары АКШнын вице-президенти болуп турган кезинде экологияга сиңген эмгеги бар. Ал кезде Гордун демилгеси менен атайын долбоор иштелип, Кыргызстанда да “Мээрим” фондусу аркылуу мектептерде атайын аянтчалар уюштурулуп, “Аба-ырайын байкоо, климаттын өзгөрүшүнө мониторинг жүргүзүү” деген аракеттер башталган. Кыргызстанда бир топ мектептер ага катышып калышкан, - деди Кыргызстандык белгилүү эколог Кайрат Молдошев.

Анткен менен, бул жолу Тынчтык сыйлыгы Горго берилишин анча жактырбагандар да бар. “Эколог-скептик” деген китептин автору Бьорн Ломбарг “Ассошиэйтед пресс” агенттигине айткан сөзүндө бул жолу сыйлыкты Нобель комитети саясатташтырып салганын белгиледи.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG