Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:58

МОСКВА КЫРГЫЗСТАНДАГЫ РЕФЕРЕНДУМДАН КЕП КЫЛАТ


Муса Мураталиев, Москва Орусияда, бул күндөрү жарык көргөн сандарында гезиттер, Кыргызстанда өткөнү жаткан референдум туурасында анализчилердин талдаалорун басышкан. Ал жерде жазылган ой жыйынтыктар ар башка. «Маселен, Грузиянын «розалык» жана украинанын «кызгылтым» ыңкылаптарына салыштырганда кыргызстандын «жоогазын» ыңклабынын геосаясатка таасири аз болду, ошол эле учурда анын кландык-кылмыштуулук көрүнүштөрү арбын болду»,- деп жазган «Профиль» жумалыгы. Орусиялык анализчилер божомолунда алдыда өткөнү жаткан референдумдагы кармаш, дегинкиси Кыргызстандын кийинки парламентине ким өтүүгө тийиш тегерегинде болот, эмне дегенде азыркы депутаттардын көпчүлүгүнүн кайра шайланууга чамасы чак. Ошентип, мамлекет башчынын үзбөй тынчын алып келаткандар жоголот, ал эми мыйзам чыгаруу органында анын керектүү кишилери көп өтөт дешет.

Үстүдө айдын ортосунда Кыргызстанда өткөнү жаткан референдум, кландар Жогорку Кеңешин пайда кылат деген кулак какты макаланы «Московские новости» 12-октябрда жарыялаган. Ал жерде президент Курманбек Бакиевдин айтканына шилтеме берилип:

«Жаңы Баш мыйзам кабыл алуу менен кийинки Жогорку Кеңешти партиялык тизме менен шайлоону калыпка салып, трайбализм менен күрөштү жоюп, ошондой эле бийлик органдарындагы саны жагынан аздык кылган элдер маселелерин чечебиз» деди,- деп айтылат.
Шайлоо боюнча жаңы кодекс арибине ылайык ошондон депутаттыкка талапкер кылып көрсөтүлчү тизмеге 70 пайыздан көп эмес эркек же аял заты, жашы 35тен улуу эмес 15 пайыздан аз эмес киши, жана ошончо эле пайыздагы саны жагынан аздык кылган элдер өкүлдөрү кошулуучу болот.

«Менин өлкөм» менен «Жаңы Кыргызстан» жаатташтары арасында катуу тирешти кеп кылып, басылма, биринчи топтун Аскар Акаев башчылык кылган кезде пайда болгонун, анын күйөрмандардынын көбү түндүктөн экенин, анын каршысында, экинчи топтун күйөрмандары азыркы президенттин жердештери - түштүктөн экени туурасында жазат.

Газета эл аралык пикирден мисал келтирип: Кошмо Штаттар президенти Жорж Буш 26-сентябр күнү БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Кыргызстанды: «демократиялык даңгыр жолдо кыйла узак алгалап барып калган» өлкө катары баалады деп келип, андан ары, «жыйынтыктап айтканда, азыр Курманбек Бакиевдин кландык тирешүүлөрдөн кутулуп чыгуу үчүн мүмкүнчүлүгү бар», - деп оюн бүттү кылган Камил Маматов.

2005-жылкы Жогорку кеңешти шайлоодо бийликке каршы турган оппозиция утулуп калган. - Шайлоодо утушка жеткендер Акаевдин урук-журуктары менен кылмышкерлер чөйрөсүнүн чыгаандары - түндүктүктөр болушту,- деп жазат «Профиль» 37-санында.

- Оппозициянын лидери Бакиев ал жолу өз акимдигинде да жетишерлик добуш жыйнай албай койгон. Анын акыры ыңкылапчыларды пайда кылды. Алар, «Бүлө жоголсун!» урааны астында бийликке ээ болушту, бирок алар деле көп өтпөй, мурдагыдай бийлик жүргүзүү жолуна түшүштү. Натыйжада, бүгүнкү күндө Кыргызстандагы эң бай адам президенттин уулу Максим Бакиев болуп эсептелет,- деп жазат журнал.

Ал жерде азыркы Кыргызстандык бийликке оппозициядагы Феликс Кулов туурасында да кеп бар. Аны менен тандемдеш Бакиев ал кызматтан кеткенден кийин 2007-жылы январда кайра да өкүмөт башчылыгына аны сунуштап, бирок Жогорку Кеңеш бекитпей койгондо, Кулов бийликке оппозициячы болуп кеткен деп келип, газета андан ары тандемдин катышуучуларын грузиялык мурадгы коргоо министри Окурашвили менен президент Саакашвили алакасына салыштырат.

«Апрель айында Кулов тарапта тургандар жаңы ыңкылап жасамак болушту. Бирок, бийлик Куловдун жааташтарын кууп таркаткан. Ошого карабай «азиялык» өкүл Бакиев, күтүлбөгөн жерден, «европалык» өкүл Саакашвилиге караганда өз тандемчисине боорукер мамиле жазады. «Элдик генерал» эмдигиче эле өз айылында куунак жашап күн көрүүдө, деп жазат Иван Телегин.

Мурдарак Kremlin.org сайты: - Кыргызстанда Баш мыйзамдын жаңы редакциясы боюнча референдум өткөрүлгөндөн кийин жумуриятта Жогорку Керешти таркатуу болуп, анан аны кайра шайлоо өтөт. Ошого байланыштуу К.Бакиев өзүнүн партиясын түзөрүн билдирди,- деп жазат.

XS
SM
MD
LG