Спектаклде көтөрүлгөн негизги тема бул тил маселеси. Башкача айтканда айылдан шаарга келген эжеси орус мектепте окуп, жалаң орусча сүйлөп, бир да кыргыз тилин билбеген инисинин кызы экөөнүн ортосундагы бири-бирин түшүнбөстүктөн келип чыккан күлкүлүү окуялар чагылдырылат. Уруш-талаш, күлкүлүү окуялар менен коштолгон спекткаль аягында кыргызча бир сөз эмес, таптакыр түшүнбөгөн кыздын кыргызча ал эми эжеси орусча сүйлөп калышы менен жыйынтыкталат. Бул чыгарманы Мар Байжиев 1958- жылы жазган. Андан бери бир канча професионал театрларда ошону менен бирге жогорку окуу жайларда коюлган. Ал эми былтыр “Учур” телетеатрында автор өзү сахналаштырган. Ушул эле оюнга Нарын жергесинин тургундары да күбө болушат. Ал эми Бишкектик көрүүчүлөргө октябрь айынын соңунда башкача айтканда театрдын алтынчы театралдык сезонунда тартууланат.
Гапар Айтиев атындагы улуттук сүрөт музейинде жапон фотосүрөтчүсү, филосов Дайсаку Икеданын “Табият менен сүйлөшүү” аттуу фотокөргөзмөсү өттү. Көргөзмөгө жалпысынан 100дөн ашык эмгек коюлду. Анын ичинде Жапон өлкөсүн жана дүйнө шаарларын чагылдырган эмгектер бар. Дайсако Икедо чыгармачылык өмүр жолунда алтымышка жакын мамлекетте болуп, дүйнөнүн кооз жерлерин сүрөткө түшүргөн жана ал АКШ, Швеция, Австрия, Орусия жана башка бир катар мамлекеттерде, тактап айтканда 38-өлкөнүн 117-шаарында көргөзмө уюштурган. 80-жаштагы Дайсаку Икедо ошондой эле ыр жаратып, маданият жана билим жаатында иш алып барган “Сока-Гаккай Интернешнл” уюмун жетектейт. Аталган уюмдун вице президенти Кендзи Иосиго бул иш-чара кыргыз көрүүчүлөрүнө Жапон өлкөсү тууралуу маалымат берүү менен эки өлкөнүн карым-катыш, достук алакасын чыңдоо максатын аркалай тургандыгын айтты.
- Бул биздин Кыргызстанга болгон алгачкы иш сапарыбыз, табияты кооз, эли меймандос келет экен. Буга чейин китептерден кыргыздар менен жапондор тууган келишет деп окуганмын. Мындан ары да мындай иш-чаралар улантылып, карым-катыш, достук мамиле улана берет деп ишенем.
“Айтыш” коомдук фонду 2-ноябрдан 4- ноябрга чейин Ысыккөлдүн Барскоон айылында төкмө акындардын чоң айтышын уюштурат. Ага карата акындарды тандоо түштүк аймагы Ош шаарында, ал эми Нарын, Талас, Ысыккөл, Чүй облустары боюнча тандоо Бишкекте өттү. Жалпысынан сыноого түштүктөн 10 акын катышып, жетөөсү өттү, ал эми түндүк региону боюнча 22 акын катышып 15 финалдык турга жолдомо алышты. Ал эми мына ошол чоң айтышта мурунку айтыштарда баш байгени жеңип алган акындар кошулуп, 26 төкмө ат салышат. Айтыштын байге фонду 500 миң сом, ал эми баш байгеге жылдагыдай эле автомашина ыйгарылат.
Жаш акындар үчүн акын Жолдошбек Абдыкалыков атындагы сыйлыкка сынак жарыяланды. Уюштуруучулар билдиргендей бул сынакка 35 жашка чейинки акындар катыша алат. Ал эми жыйынтыгы декабрь айында чыгарылып, 1-орунга 10 миң сом, 2-орунга 5 миң сом ыйгарылат.
Бүгүн Бишкекте кол өнөрчүлөрдүн күнүнө арналган жарманке өтөт. Анда кийиз, териден жасалган буюмдар, кымбат баалуу таштан жасалган зергер, белек-бечкек буюмдары коюлат.