Казак президентинин бул кадамы Daily Telegraph гезитин дагы кайдыгер калтырбады. “Казакстан чет элдик рейтинг курулуштарынын жортуулунун мизин кайтарыш үчүн, эмки жумадан баштап чет элдик биржалардагы эселерин кайра сатып ала баштайт”,- деген Казакстандын премьери Карим Масимовдун баяндоосун да тең бөлүшкөн. “Эселери чет элдик биржаларда жүгүртүүдө болгон казак банктары кийинки аралыкта АКШдагы ипотека кризисинин толкундарынан запкы жеп келаткан болчу”,- деп ырастаган гезит, депозиттердин сыртка кача баштоосу жана улуттук валюта тенгеге болгон ишенимдүүлүктүн азая баштоосунан улам өлкөдөгү көптөгөн башка банктар дагы кыйчалыш абалда экенин эске салган, Daily Telegraph.
Түркиялык басылмалардын өткөн аптадагы орток темасы АКШнын конгрессинин өкүлдөр палатасынын тышкы карым-катнаштар комитетинин Армян геноциди тууралуу кабыл алган резолюциясы эле. Бул тема дагы бир топко өлкөнүн жана массалык маалымат каражаттарынын күн тартибинен түшпөй турган шекилдүү. Turkish Daily News гезитинде жазган саясий серепчи Семих Идиз, “конгресстин комитетинин бул резолюциясын дегеле этибарга албаш керек, анткени ал эч кандай бир милдеттендирүүчү касиетке ээ эмес. Ошол эле учурда, ПКК аталган курдулардын жикчил тобуна каршы Түндүк Ирака аскер жиберип, чегараны ашкан операция жасоо маселесине да токтоолук менен мамиле кылыш керек. Армения геноциди жөнүндөгү токтом күчкө кириш үчүн али өкүлдөр палатасы жана сенаттын жактыруусунан өтүүсү талап кылынат, деги али оюн бүтө элек”,- деген пикирин билдирет.
A Zaman гезитинин кечөөкү санында чыккан макаласында Проф. Др. Кемал Чичек болсо, “америкалык резолюция милдеттендирүүчү мүнөзгө ээ эмес; ошондуктан аны этибарга алууга деле арзыбай”,- деген көз караш каталык экенин билдирет. Бирок ал дагы, кызуу кандуулукка алдырып, түштүктөгү Адана вилаятындагы Инжирлик аба базасын жаап таштоо же түндүк Иракта ПККге каршы операция уюштуруу сыяктуу кадамдар пайдадан көрө зыян алып келерин билдирет. Профессор Кемал Чичек, макаласында андайча чараларды ойлоштон көрө Анкара өкмөтү резолюцияны катуу тил менен сынга алып, Түркия көрө турган чараларды камтыган бир программаны дүйнө коомчулугуна билдириши зарыл экенин баса көрсөтүп, “Бул алкакта мен баарынан мурда Армениянын өзү, өзүнүн сырт жон териси менен сезе турган чараларды ойлоп чыгууну; айрым чөйрөлөрдүн жана Евробиримдиктин коюп келген талаптарынын тескерисинче, Армения менен болгон чегараны бүтүндөй жаап салып, Түркияда мыйзамсыз түрдө иштеп жаткан 100миң тегерегиндеги армян жаранын дароо өлкөдөн чыгарып жиберүүнү сунуш кылар элем”,- дейт.
Zaman гезити, Кипрдин грек коомчулугу жашаган түштүк аймагында чыгуучу Политис гезитине таянуу менен, грекс киприот өкмөтүнүн, тышкы иштер министири Эрато Козакоу Маркуллинин кийинки Кыргызстан саякаты демейдегы тышкы саякаттардын бири деп ишендиргенине карабастан, ал саякат кокусунан болгон бир өнүгүү эмес экенин жазып чыкты. Кыргызстан менен Түндүк Кипр Түрк Жумуруятынын ортосундо 15-октябрь, демек бүгүндөн тартып тикелей аба жол каттамы башталат, деген такталбаган маалыматтар камтылган гезиттин кабарына ылайык, бул грек киприот өкмөтүнүн тынчын алгандыктан, ТИМин Бишкеке жиберген.