Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:17

БАЛЫКЧЫДА ШАЙЛООНУН ЭКИНЧИ АЙЛАМПАСЫ


Рита Борбукеева, Каракол № 69 Балыкчы шайлоо округунда Жогорку Кеңешке шайлоонун экинчи айлампасы жүрүп жатат. Айрым үгүтчүлөр менен шайлоочулардын айтуусунда бул саясий өнөктүк таза эмес өтүп жатат.

Балыкчы округунан Жогорку Кеңешке депутаттыкка адегенде он беш киши ат салышып, 30-сентябрда 13 адам жыдыган эле. Андан экинчи айлампага калган эки талапкер 14-октябрда күч сынашып жатышат. Бирөө ички иштер министрлигинин кызматкери подполковник Кубаныч Кадыров, экинчиси Рысбек Акматбаевдин жактоочусу, “водолаз” деген ат менен таанымал Максат Абакиров. Биз эң көп шайлоочулар катталган № 8 участокко барганыбызда шайлоочуларды утурлай чыгып, “биз айткан талапкерге шайлоо баракча салсаң, 100 сомдон беребиз”,- деп ынандырып жатышты.

- Кален коётур, Нурбек да келет, - дейт 5118 ИС деген номерлүү Мерседес автоунаасын көрсөтүп, ичинде Кубаныч Кадыровдун карындашы отурганын ырастаган үгүтчү келин. Анын айтуусунда Максат Абакировдун үгүтчүлөрү ар бир шайлоочуну 50 сомдон жалдаганын угуп Кубаныч Кадыровго, ар бир добушту 100 сомдон сүйлөшүүнү чечишкен. Бирок сыртта топ-топ болуп турган мындай шайлоочулардын кадамдарына ичиндеги комиссия мүчөлөрү, байкоочулар тиешебиз жок дешет.

- Биз ичинде жүрдүк, сыртты билбейбиз, сатып алуулар сырттан болуптур да,- бул № 8 шайлоо участкасындагы байкоочунун айтканы болду.

Ал эми комиссия катчысы Роза Обукеева паспорту жок “форма 9” деген атуулдугун күбөлөндүргөн ички иштер бөлүмүнүн кагазы менен келген ондон ашык шайлоочу шайлоого катышуу мүмкүнчүлүгүн ала албай кеткендигине нааразыланыптыр. Ал эми экинчи талапкер Максат Абакировдун эл менен жолугушууга барганда куралчан жүргөндөрүн туура эмес деп көргөндөр буларды белгилешти.

- Курал-жарак менен жүрүшөт. Шайлоочулар менен жолугушууларга курал менен келип жатышат. Үрөйү учкан эл коркот да,- дешет жергиликтүү тургундар.

Бул боюнча Балыкчы шаардык ички иштер бөлүмү Абакиров менен түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнүн угуп, начальник Бердигул Караевге кайрылганыбызда ал буларды айтты.

- Катталыш керек. Көрүнбөш керек. Бир жакка кетип жатканда кайтарыла турган жайды кайтарууда гана алыш керек,- деди Бердигул Караев.

Максат Абакиров курал алып жүрүүгө расмий уруксаты бар экенин, бирок, коомчулукта ачык алып жүрүү мыйзамсыз экендигин ырастаган начальник ушундай деди. Бирок дагы толугураак интервью берсе, анын атаандашы подполковник Кадыровго жан таркан болуп калаарын да кошумчалады.

Балыкчыдагы шайлоо боюнча комиссиянын төргасы Бакас Айсултанов саат буларга токтолду.

- № 69 Балыкчы шайлоо округуна 31269 шайлоочу кирген. Саат 16. 00гө ошол шайлоочулардан 10996 шайлоочусу катышты. Бул баардык шайлоочунун санынан 35, 1 пайыз деп эсептелет,- деди № 69 Балыкчы шайлоо округунун төрагасы Бакас Айсултанов.

XS
SM
MD
LG