Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 20:45

АРАВАНДАГЫ ДЕПУТАТТЫККА АТ САЛЫШУУ


№ 50-Керметоо округунан Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин мурунку депутаты Искендер Гайипкулов Эсеп палатасынын жетекчилигине дайындалгандыгына байланыштуу, анын бошогон ордуна 14-октябрда шайлоо жүрүп жатат.

Керметоо шайлоо округунан 6 талапкер ишкер Кубанычбек Нурматов, убактылуу бош Бегайым Токтоматова, дыйкан Өмүрбек Бакиров, бизнесмен Хулкарпаша Сабирова, Карасуу райондук жаратылышты коргоо боюнча инспектору Абдисатар Исмаилов, Акыйкатчынын аппарат жетекчиси Каныбек Эргешов бактысын сынап жатышат. Шайлоого үч күн калганда Араван районунун акими Шамил Артыков:

- Жети талапкер катталган болчу бирок, 29-сентябрга чейин Адыл Сагынбаев мырза өзүнүн арызын жазып, талапкерлигин алды. Бүгүнкү күнү алты талапкер ат салышып жатат. Бул жерде ар түрдүү сөздөр болуп жатат. Токтоматова, Сабирова сыяктуу талапкерлер жөнүндө. Чындыгында булар эч кандай мыйзамдын чегинен чыккан жок,- деген эле Араван районунун акими Шамил Артыков.

Аты белгисиз бойдон калууну каалаган облустук чиновник 14-октябрда округда Президенттин алдындагы мамлекеттик кызмат агенттигинин директору Нурлан Токтоматов жана анын командасы проблема түзүп жаткандыгын каңкуулады. Себеби, анын жубайы Бегайым Токтоматова ушул аймактан бактысын сынап жатыптыр. Ошондой эле ишкер Хулкарпаша Сабированын талапкерлери улуттук маселени козгоп атышкандыгын да кошумчалады. Аялынын округдагы укугу бузулуп жаткандыгын Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Сабиров деле мурда «Азаттыкка» кабарлаган болчу.

Байкоочу Айдатка Карыбекова добуштарды сатып алуу аракети болгондугун, бир нече ирет добуш салдыртуу маанайы байкалгандыгын ачыктады:

- Мен азыр шайлоонун жүрүшүндө он, он беш киши өткөндөн кийин эле дагы бир киши бюллетень таштаган эле. Ал бюллетенди таштап коюп, кайра экинчи жолу бюллетень алып жатканда мен алдырбай койдум. Куюп берип, чайга чакырып жатканы деле бар. Көзүбүз менен көрбөсөк да кулагыбыз менен угуп жатабыз,- деди Айдатка Карыбекова.

Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү жана түштүктөгү туруктуу өкүлү Абдыжапар Бегматов шайлоонун жүрүшүндө мыйзам бузуулар катталгандыгын тастыктап, бирок, башка көз карашын да кыстара кетти.

- Менин оюм боюнча бул шайлоо мыйзам бузуулар менен өттү. Акча таратууну мен эң тартипсиздик, мыйзам бузуулук деп эсептейм,- деди Абдыжапар Бегматов.

Жогорку Кеңешке шайлоо Керметоо округунда өтө жай темпте жүрүп, шайлоочулардын пасивдүүлүгү ачык байкалууда. Бул тууралуу Керметоо шайлоо округунун төрагасы Адыл Мырзаев саат 16. 00гө карата шайлоочулардын 24,32 пайызы гана добуш таштаганга үлгүргөндүгүн кошумчалады.

XS
SM
MD
LG