Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:11

11:10 Депутаттар Зоотбек Кудайбергеновдун кылмыш ишин токтотууну өтүнүштү


Жогорку Кеңештин 19 депутаты 2006-жылдын декабрь айында ошол кездеги Баш прокурор К. Конгантиевдин атына, 2007-жылы май айында азыркы Баш прокурор Э. Сатыбалдиевдин атына кат жолдоп, Зоотбек Кудайбергеновдун иш тажрыйбасын эске алып, ага кызмат берүүнү жана ошондой эле Аксы окуясын иликтөөдө ага карата кылмыш ишин токтотууну өтүнүшкөн. Бул тууралуу “Азаттыкка” маалымдаган Аксылык жабырлануучулардын коомдук өкүлү, укук коргоочу Азиза Абдурасулованын айтуусунда бул кат эмнегедир Жогорку Сот аркылуу Аксы окуясы боюнча ишти карап жаткан судья Боромбаевге жиберилген. “Мыйзам боюнча Башкы прокуратурага жиберилген каттын сотко тиешеси жок болсо да, судья ал катты соттук кагаздарга тиркеп койду. Ушундан улам, жабырлануучулар Аксы окуясы бул жолу да акыйкаттык таппайт деген ойдо калышууда. Кан төгүүдө негизги күнөөлүү деп эсептелип жаткан Кудайбергеновду парламенттин Т. Керексизов, Ю. Данилов, Т. Сариев, С. Жапаров, Т. Сарпашев, Р. Шин, С. Попов, Д. Өскөнбаев, Ж. Иманалиев баш болгон депутаттары жактап атканы түшүнүксүз,”-дейт укук коргоочу.
Аксы окуясына байланыштуу сот 1-октябрдан бери Жалалабат шаарында өтүп жатат. Сотко Бишкек гарнизондук сотунун судьясы Абдразак Боромбаев төрагалык кылууда. (ZKo)

XS
SM
MD
LG