Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:40

"АК ЖОЛ" ЭЛДИК ПАРТИЯСЫ ТҮЗҮЛДҮ


“Конституция, реформа жана өнүгүү үчүн” кыймылынын бүгүн болгон жыйынында ушундай чечим кабыл алынды. Жыйынга саясий партиялардан, коомдук уюм, бирикмелерден жана республиканын ар аймагынан келген өкүлдөр катышты. Жаңы партия түзүү тууралуу сунуштар форумдун катышуучулары тарабынан колдоого алынды. Партиянын алгачкы курултайында төрагалыкка талапкерлердин ичинде мамлекет башчынын аты аталып, бир добуштан Курманбек Бакиев партиянын төрагасы болуп шайланды. "Ак Жол" Элдик партиясынын уюштуруучу курултайына президент Курманбек Бакиев катышты. Партиянын атын президент өзү сунуш кылды. «Биз элдин партиясын, эл үчүн иштей турган партияны уюштурдук. Биздин партиянын жана өзүмдүн эң башкы максатымды мен ушундай көрүп турам»,-деп билдирди К. Бакиев жаңы саясий партиянын уюштуруу курултайында.

XS
SM
MD
LG