Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:43

БИЙЛИК ПАРТИЯСЫ ЭЛДИН МҮДӨӨСҮН АТКАРАБЫ?


«Азаттыктын» таңкы уктурууларынын кезектеги маектеши Социал-демократтар партиясынын мүчөсү Эдил Байсалов болду. Ал президент К. Бакиев жана анын саясий тилектештери уюштуруп жаткан партия жөнүндө өзүнүн ой-пикирин бөлүштү.

Бүгүн Улуттук филармонияда “Конституция, реформа жана өнүгүү үчүн” кыймылы форум өткөргөнү жатат. Форумга кыймылдын мүчөлөрү жана ага кирген саясий партиялардын өкүлдөрү катышып, президент Курманбек Бакиевдин да келээри күтүлүүдө. Аталган кыймылга “Содружество”, “Авангард”, “Санжыра”, “Либералдык прогрессивдик”, Республикалык “Эмгек жана биримдик” партиялар кирген. Биз менен азыр байланышта коомдук ишмер, “Социал-демократтар” партиясынын өкүлү Эдил Байсалов.

- Бүгүн боло турган форумга сиз кандай баа берет элеңиз, кандай жаңылыктарды күтсөк болот бул форумдан?

- Биздин маалыматтар боюнча жаңы партия түзүлүшү күтүлүүдө. Алардын социалдык багыты, базасы, саясаты кандай болот бизде маалымат жок. Анткени, булардын курамында ар кандай көз караштагы партиялар бар. Ошондуктан булардын саясий багыты эмнеде болот, бизге алигиче белгисиз.

- Айрым серепчилердин баамында, сиз айткандай жакын арада президентчил күчтүү партия түзүлүп, бул партия бийликке келген соң айрым бийлик өкүлдөрү үчүн ыңгайлуу мыйзамдарды колдоп, өкмөттү шайлоо мүмкүнчүлүк алат деген божомолдор да айтылууда. Орусияда Путин “Бирдиктүү Орусия” партиясы, Казакстанда Назарбаевдин “Нур Отан” партиясы бийликке келүүдө. Бакиев дагы эки өлкөдөн үлгү алып жатат десек болот. Бул биздин шарттарда, экономикалык абалда канчалык туура болот?

- Менимче, бул ар бир мамлекет башчысы үчүн табигый көрүнүш мыйзам чегинде. Анткени, ошол парламентте менин саясатымды колдогон күч болсо деген ниет бар болуш керек. Бирок биздин тажрыйбабыз, тарыхыбыз көрсөткөндөй мындай аракеттер опурталдуу жыйынтык алып келиши да мүмкүн. Ошондуктан биздин тилегибиз бул партия элдин добушун, колдоосун кыйноо аркылуу эмес, административдик ресурс, басым аркылуу эмес, чын ниеттен добуш топтойт деген үмүттөбүз.

- Бакиевди колдогон партиянын бийликке келиши саясий тирешүүгө жол ачышы мүмкүнбү сиздин баамыңызда?

- Саясат, шайлоо деген бул дайыма тирешүү, дайыма күрөш. Биздин социал-демократтар партия мындай күрөштөн качпайт. Биздин колдогон саясаттарыбыз бар. Кээ бир саясаттарга биз каршыбыз. Мисалы, Акаевден калган туура эмес тенденцияларга өзүбүздүн каршылыгыбызды ачык билдирип келебиз. Бирок баары элдин колунда, эл тараза, эл чечет.

- Референдумдан кийин өлкөдөгү абал кандай болушу мүмкүн?

- Кудай буюрса баары тынч болушу керек. Бардыгыбыз көрүп жатабыз, албетте, эл кыйналып жатат, дүйнө боюнча кымбатчылык болуп атат. Бирок бардык саясий күчтөр биригип, мыйзамдуу жол менен элдин добушу үчүн күрөшсөк, эл чечкендей эле элдин бийлиги, элдин саясаты жеңиши керек.

- Маегиңизге чоң ырахмат.

XS
SM
MD
LG