Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 06:23

15- ОКТЯБРЬ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Кызматтан алынган Н. С. Хрущевдун портреттери 1964-жылдын 15-октябрында Фрунзе шаарынын баардык жерлеринен шашылыш түрдө алына баштады. Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы маданият күндөрү 2003-жылдын 15-октябрында башталды.

Фрунзе шаарынын баардык 2-баскычтагы мектептери 1929-жылдын 15-октябрынан баштап окуучулар үчүн аскердик даярдык сабактарын окутууга киришишти. Мектеп окуу программасынан аскердик даярдык сабагына бир окуу жыл үчүн 62 саат бөлүнгөн.

«Советская Киргизия» гезитинин журналисттери 1934-жылдын 15-октябрь күнкү санына фрунзелик Грабовских менен Павелконун жаңы ойлоп табуусу туурасында жазып чыгышты. Маалымдоо каражатында Грабовских менен Павелколор алюминден жасалган жаңы аккумуляторду жасагандыгы кабарланат. Буга чейин чыгарылып келген коргошун аккумуляторго караганда, алюмин аккумулятору кыйла жеңил экендиги жана кубаттуулукту арбын бере турган артыкчылыктары белгиленет. Анткен менен Совет мезгилиндеги арбын изги жетишкендиктердей эле жаңы ойлоп табылган аккумулятор өндүрүшкө киргизилген эмес.

Фрунзе шаары 1964-жылдын 15-октябрында «жаңылануу» жолуна кирди. Кызматтан алынган Н. С. Хрущевдун портреттери бул күнү баардык жерлерден шашылыш түрдө алына баштады. Н. С. Хрущев буга чейин 11 жыл КПСС Борбордук Комитетинин биринчи катчылык кызматы менен СССР Министрлер кеңешинин төрагасы болуп иштеп, 1964-жылы «жашы улгайып, денсоолугунун чукул начарлашына байланыштуу» иштен алынган. Айрым кыргызстандыктар Н. С. Хрущев Кыргызстанга келгенде денсоолугу чың эле деп таңкалышса, кээ бир кишилер муну биринчи катчынын ушул жылдын август айында Ысыккөл суусуна кириши менен байланыштырышты.

Ош шаардык кеңешинин депутаты, Өзбек маданият борборунун төрагасы А. Алимжанов 2006-жылдын 15-октябрында киши колдуу өлтүрүлдү. Депутатка кол салуу кечки саат тогуз чамасында, элдик талапкер кафеде тамактануу маалында жасалган.

Иран Ислам Республикасынын Кыргызстандагы маданият күндөрү 2003-жылдын 15-октябрында башталды. Борбор шаардын Тарых музейинде Иран калкынын байыркы маданият үлгүлөрү коюлуп, кыргызстандыктар Иран калкынын көөнөргүс тарыхый байлыктары менен таанышышты.
XS
SM
MD
LG