- Президент Курменбек Бакиевдин референдумга коюлган Баш мыйзамдын долбооруна өзгөртүү киргизүү тууралу жарлыгына ылайык, парламенттик шайлоодо өлкөнүн ар бир облусунан тизмедеги шайлоочулардын кеминде 0,5 пайызынын, ал эми жалпы өлкө боюнча 5 пайыз добуш алган саясий партия гана Жогорку Кеңешке келе алат. Айрым партиялардын өкүлдөрү мындай жобо кээ бир оппозициялык партияларды парламентке келтирбөө максатында жасалууда жана кичинекей Кыргызстан учүн 5 пайыз өтө эле чоң деген пикирин билдиришүүдө. Партияларга коюлуп жаткан чек эмнени таңуулайт?
- Менин оюмча бул өтө деле коркунучтуу эмес. Муну президент кийин ойлонуп туруп чечим кабыл алды. Түштүктөгү шайлоочулардын 30 пайыздан ашыгы өзбектер экенин Текебаев жазып чыккандан кийин эсине келишти окшойт. Ошон үчүн бул бардык облустардан 0,5 пайыз шайлоочулар болуш керек деп чыгышты. Бул өтө деле коркунучтуу эмес. Маселен, ошол эле өзбектер Нарынга келип туруп миң кишини жөн эле сатып алат. Азыр эле укпадыкпы, биз шайлоонун стандарттарын эмдигиче жасай алган жокпуз. Баягы эле сатып алуу, баягы эле. Эгер байкоочулар жок болсо, же көзүн жазгырып урналарды алмаштырып, же болбосо бюллетендерди салып коймой бизде кенен-кесир болуп жатат. Кечээ эле бир аким менен жолугуп калсак, ал айтат, бизге тапшырма келди 70 пайыздан референдум аз болбосун деген. Силер кишилерди жөнөтүп, байкоочуларды коюп койсоңор, жок дегенде силерге шылтап туруп ошону жасабай коелу, болбосо бизди кызматтан алат дейт. Мына баягы эле эски коммунисттик системадан калган өзүм билемдик кылуу, бийликте монополия эмдигиче сакталып турат.
- Өткөн жумада президен Бакиев бир катар кадрдык өзгөрүүлөрдү жасады. Арстанбек Ногоевдин ордуна мэрдин милдетин аткаруучу болуп Данияр Үсөнов дайындалды, андан мурунку күндөрү Ленин, Октябрь, 1-Май райондорунун акимдери алмашты. Муну айрым серепчилер референдум алдындагы даярдыктар катары баалашууда. Бул пикирге кошуласызбы?
- Ооба. Азыркы бийликтин кадр саясаты жалгыз гана өзүнө берилген адамдарды коюп атканы менен айырмаланат. Ошон үчүн референдумдун астында өзү ишенген, мыйзамды көп бузган, адамдардын ойлорун эске албаган гана адамдарды коюп атканы көрүнүп турат. Данияр Үсөновду өзүңөр билесиңер, канчалык чыр болду эле. Акаевдин 180 объектисин эртең таап берем дегенден башталган. Анан анысы калп болуп чыкты, андан кийин акча таратып шайланды. Ошол адамдын жөндөмдүүлүгүн көрдү окшойт, азыр шаарга коюп атат. Ошентип шайлоонун астында ушундай абдан шашылыш нерселерди жасап атат.
- Маегиңизге ырахмат.