Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:37

АКШ ТҮРКИЯНЫ ТҮНДҮК ИРАККА БАСЫП КИРБӨӨГӨ ЧАКЫРДЫ


Түркия- АКШ мамилеси чоң сыноо алдында турат. Мамлекеттик катчы Кондолиза Райс ишемби күнү Вашингтон- Анкара ортосундагы алака оор мезгилди баштан кечирип жатканын белгилеп, Түркияны Ирактын түндүгүнө кирип, күрт козголоңчуларына чабуул жасоодон карманууга чакырды. Райс, ошондой эле, Конгресстин комитетинин 1915- жылы Осмон империясы армяндарга кызыл кыргын уюштурду деп тааныганга байланыштуу Түркияны каршы чара көрбөөгө үндөдү.

10-октябрда АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын Тышкы байланыштар комитети Биринчи дүйнөлүк согуш тушунда Осмон империясы армяндарга каршы “тукум курут кылуу” саясатын жүргүзгөн деген резолюция кабыл алган. Бул чечимди Конгресстин эки палатасы бекиткен учуруда да аткарууга милдеттүү эмес.

Конгресстин комитетиндеги добуш берүүдөн кийин Анкара Кошмо штаттардагы элчисин масилетке деп, чакырып алды. Бүгүнкү эларалык тажрыйбада элчини чакырып алуу саясый нараазычылыкты түшүндүрөт.

Келаткан аптада Түркиянын парламенти Түндүк Ирактагы Күрт жумушчу партиясы- КЖПнын аскерий канатына сокку урууга уруксат берүү маселесин талкуулайт. Козголоңчулардын чабуулунан бир нече жоокер курман болгондон кийин, Түркиянын өкмөтү алардын адебин бериши мүмкүн экенин эскерткен.

Вашингтон окуянын мындай өнүгүшүн каалбайт. АКШнын Улуттар Уюмундагы өкүлү Залмай Халилзад жума күнү “Азаттыкка” берген интервьюда Анкара маселени Ирак өкмөтү менен чогуу чечиши керек деген пикирин билдирди:

-Түндүк Ирактагы террордук элементтердин, анын ичинде КЖПнын проблемасы жөндөлүш керек. Аны Ирак өкмөтү жана Ирактын күрт региону, ошондой эле Түркия менен кызматташуу аркылуу чечүү мыкты жол болмок.

Халилзад ошондой эле Конгресстин комитети “армян кыргыны” боюнча кабыл алган чечим АКШ - Түркия ортосундагы стратегиялык байланышка тескери таасир этпейт деген ишеничин айтып, Буштун администрациясы андай резолюцияны Конгрессте талкуулоого каршылыгын ачык билдиргенин эске салды.

Анкара “армян геноцидин” тааныган резолюцияны кабыл алуу түркиялык - америкалык кызматташууга коркунуч жаратканын ошол замат айткан эле. Буштун администрациясы болсо аталган резолюцияны кабыл алдырбоо үчүн “бар аракетин” жасоодо. Бул тууралуу мамкатчынын орун басары Дэн Фрид ишемби күнү билдирди. Фрид жана коргоо министринин орун басары Эрик Эдельман Анкарадагы кездешүүдө түрк аскерлеринин Түндүк Иракка басып кирүү мерчеми АКШны кооптонтконуна көңүл бурушуп Ирак бийликтерине КЖПнын согушчуларына байланыштуу Түрки өкмөтүнүн тынчсыздануусун түшүндүрөбүз деп сөз беришти.

Вашингтон түркиялык аскерлер непада Түндүк Иракка басып кирсе, Ирактагы кырдаал ого бетер осолдойт деп чочуйт.

XS
SM
MD
LG