Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:28

ПРЕЗИДЕНТТИН ПАРТИЯНЫ ЖЕТЕКТӨӨГӨ УКУГУ БАРБЫ?


“Ак жол” элдик партиясынын түзүлүшүнө жана ага президент Курманбек Бакиевдин төрага болуп шайланышына коомчулукта ар түрдүү пикирлер пайда болду. “Акшумкар” партиясынын тең төрагасы Темир Сариевдин айтымында, Конституцияга ылайык Бакиев президент болуп туруп саясий партияны жетектемек тургай анын мүчөсү болууга укугу жок. Ал эми экс-премьер-министр Амангелди Муралиев болсо президенттик партиянын пайда болушу табигый көрүнүш экенин, президент келерки шайлоого алдын ала азыртадан камылга көрүп жатканын билдирди.

«Асаба» партиясынын лидери Азимбек Бекназаров президент Курманбек Бакиевдин «Ак жол» партиясынын төрагасы болууга Баш мыйзамдын учурда колдонулуп жаткан 2003-жылдагы редакциясы, 1998-1993-жылдары кабыл алынган Конституция да жол бербейт деген пикирин билдирди. Анын айтымында Бакиевдин мындай өзүм билемдигине карата «Асаба» партиясы жакында билдирүү жасайт.

«Акшумкар» партиясынын тең төрагасы Темир Сариев болсо Конституциянын 43-беренесинин 5-пунктуна ылайык Курманбек Бакиев партияга төрага болууга укугу жок, деп эсептейт.

-«Кыргыз Республикасынын президенти өзүнүн ыйгарым укуктарын аткарып жаткан учурда, Кыргыз Республикасынын президентин жаңы шайлоо башталганга чейин саясий партияларда жана уюмдардагы ишин токтотуп турууга тийиш»,-деп жазылып труат. Президент азыр кандайдыр бир партиянын мүчөсү болууга азыркы Баш мыйзам тоскоолдук кылат.Экинчиден эч кандай партиянын башында тура албайт. Бул негизги мыйзамды одоно бузгандык.

Темир Сариевдин пикиринде, президентти колдогон жаңы түзүлгөн партиянын келечеги жок, президент кетсе өзүнөн өзү жок болуучу партия. Ошол эле учурда азыр оппозициялык маанайдагы саясий партиялар да биригишип, чоң оппозициялык уюм түзүү мүмкүндүгүн караштырууда.

Социал-демократтар партиясынын саясий кеңешинин катчысы Эдил Байсалов президент партияга төрага болуудан баш тартышы керек деген ойдо.

-Менин оюмча президент Курманбек Бакиев жаңыдан уюшулган «Ак жол» элдик партиясына төрага болуудан баш тартышы керек. Биздин Конституция боюнча президент кандайдыр бир партияга төрагалык кылууга укугу жок. Бирок кайсы партияга колдоо көрсөтүүгө, кайсы партиянын программасы жагат, же жакпайт деп пикирин айтууга укугу бардыр. Биз «Ак жол» сыяктуу партияларды мурда эле тажрыйбабызда көргөнбүз. Тарых көрсөткөндөй булар бир күндүк эле партия болушуп, «айгайлап ураан чакырып» тез эле өчүп калган. Буга чейин өлкө аймагында «Адилет», «Алга, Кыргызстан» сыяктуу партиялар дагы дал ушул бүгүнкү президентти колдогон партиядай болуп түзүлүшкөн.

Экс-премьер-министр Амангелди Муралиевдин көз карашында саясат жагынан азыр бийлик колунан келген бардык мүмкүнчүлүктү колдонууда. Жаңы партиянын түзүлүшү мыйзам ченемдүү табигый көрүнүш.

-Бул жаңы партия алдыда болуучу парламенттик шайлоодо жетиштүү орун ээлегенге аракеттенет да. Эми бул саясаттын оюндары. Бул кадыресе табигый нерсе. Эми президент бийлигин бекемдейм, дейт. Экинчи мөөнөткө барам, дейт. Мен ойлоп атам бул аракеттерде эч кандай табышмак жок.

Маалыматтарга караганда «Ак жол» элдик партиясынын саясий кеңешине мүчө болуп кирбей калышкан айрым саясатчылар, саясий партиялардын лидерлери өз ара сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, биригүүгө аракет кылышууда.

Эдил Байсалов дагы Социал-демократтар партиясы менен биригүүгө бир катар саясий партиялар кызыкдар болуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын белгиледи.

XS
SM
MD
LG